Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

ИИМ Текебаевге кол салуу боюнча ЖКда маалымат берди


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу тууралуу 2-декабрда Жогорку Кеңеште маалымат берди. Ал фактыны укук коргоо органдары иликтеп жатканын айтып, буга чейин берилген маалыматтарды кайталады.

“Президент бизге бул ишти толук кандуу калыс тергөө боюнча тапшырма берген. Иш объективдүү тергелишине өзүбүз да кызыктарбыз жана бүт аракетибизди жумшайбыз”, - деди Аширходжаев.

Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте албууттанган топ кол салып, уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен.

2-декабрга караган түнү Бишкек шаардык милициясы кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Милиция шектүү жаран өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырганын билдирди. Иш Жазык кодексинин “Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо” беренеси менен иликтенип жатат.

Текебаев өзү бул окуяны “саясий террор” деп, саясий ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырды. “Ата Мекен” партиясы лидерине болгон кол салууну саясий репрессия жана оппозицияны коркутуп-үркүтүү катары кабыл алганын жарыялады.

Президент Садыр Жапаров окуяны иликтөөнү жана чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Өмүрбек Текебаевге кол салуу болбогонун, ал кимдир бөрөөлөр менен урушуп кеткенин айтты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG