Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:48

Никитенко Текебаевге кол салууну "саясий буюртма" деп атады


Наталья Никитенко.
Наталья Никитенко.

Жогорку Кеңештеги "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко партия лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууну "саясий буюртма" деп атады. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-декабрда парламент жыйынында билдирди. Депутат бул иштин чоо-жайын билүү үчүн парламентте тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматын угууну сунуштады.

"Күч органдары телефон уурдаган кылмышкер кармалганын билдирүүдө. Алар бул окуяны уурулук катары көрсөткүлөрү келип жатат. Бирок биз бардыгыбыз кеп саясий буюртма, саясий ишмер жөнүндө болуп жатканын жакшы түшүнүп турабыз. Эртең бул ар бириңиздерге тийиштүү болуп калышы ыктымал. Сиздердин жакпаган позиция үчүн 70тей беткапчан "азаматтар" чак түштө курчап алып уруп-согуп атса, ал үчүн парламент, күч түзүмдөрү тарабынан реакция жок болсо анда биз бандиттик өлкөгө айланып баратканыбызды моюнга алганыбыз. Бул башаламандыкка чекит коюшубуз керек", - деди Никитенко.

Ушул эле маселени түшкө чейин депутаты Тазабек Икрамов көтөргөн. Төраганын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева бул сунуш түштөн кийин добушка коюларын билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев NUR-TV каналына маек берип, Текебаевге кол салуу болбогонун, саясатчы "кимдир бирөөлөр менен урушуп кеткенин" айткан.

Текебаевге 1-декабрда Бишкектин борборунда кол салуу болуп, белгисиз бир топ саясатчынын уюк телефону менен көз айнегин тартып алышкан.

Текебаев муну "саясий террор" деп, өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырган. Ал Бишкектин Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

2-декабрга караган түнү кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милиция шектүү жаран өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырганын билдирди.

Президент Садыр Жапаров окуяны тыкыр иликтөөнү жана тиешелүү чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG