Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

Кол менен саналган бюллентендердин 64% системага киргизилди


Шайлоо участкаларынын биринде тартылган сүрөт.
Шайлоо участкаларынын биринде тартылган сүрөт.

Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча кол менен саналган бюллетендердин 64,31% Боршайкомдун Маалыматтык шайлоо системасына киргизилди. Бул 2-декабрь, саат 12:00гө карата маалымат.

Ага ылайык, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы 15,89%, "Ишеним" 13,42%, "Ынтымак" партиясы 12,41%, "Альянс" 7,50%, "Ыйман Нуру" 6,75% жана "Бүтүн Кыргызстан" 6,42% добуш алып беш пайыздык босогодон өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламенттик шайлоодогу бюллетендерди кол менен саноо бардык добушканаларда жыйынтыкталганын, аларды Маалыматтык шайлоо системасына киргизүү иштери жүрүп жатканын билдирген.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Шайлоо күнү добуш берүү аягына чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Маалыматтык шайлоо системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Боршайкомдун техникалык адиси добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча автоматтык эсептөөчү урналардан түшкөн маалыматтарды сайтка чыгарууда талапкерлер алган добуш партияга кошулуп калганын айтты.

Президент Садыр Жапаров, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Улуттук коопсуздук комитет система техникалык адистердин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG