Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:50

Акматбек Келдибеков УКМКга суракка кирди


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, саясатчы Акматбек Келдибеков 2-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак бергени кирди. Анын тарапташтары учурда УКМК имаратынын алдына топтолушту.

Саясатчы 1-декабрдын кечинде да атайын кызматка суракка чакырылган. Мекеме Келдибеков 28-ноябрда өткөн шайлоого байланыштуу сурак берип жатканын билдирген. Расмий кабарда социалдык тармактарда тараган видеодо Келдибеков шайлоодогу добуш берүүнү баштапкы жыйынтыктары бурмаланганы жөнүндө "тастыкталбаган негизде сүйлөгөн" деп жазылган. УКМК муну коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу деп баалап, саясатчыны түшүндүрмө берүүгө чакырганы кабарланган.

Акматбек Келдибеков 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынан катышкан. Баштапкы жыйынтыкка ылайык, аталган партия шайлоодо уткан жок.

Добуштар бурмаланды деген нааразылыктар жаралып, Акматбек Келдибеков бийлик үч күндүн ичинде кайра шайлоо өткөрүш керектигин айтып чыккан.

Жекшембиде кыргыз парламентине шайлоо өткөн. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Добуш берүү аягына чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасы үзгүлтүккө учурап, жыйынтыкка байланыштуу маалыматтар алмашып кеткен.

Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Улуттук коопсуздук комитет система техникалык адистердин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG