Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:19

Текебаевге кол салуу боюнча ЖКда маалымат угуу сунушталды


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге болгон кол салуу боюнча парламентте тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматын угууну сунуштады. Бирок аны четке кагуу же канааттандыруу боюнча чечим кабыл алынган жок.

Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте албууттанган топ кол салган. Алар саясатчынын уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен.

Муну "саясий террор" деп, өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырган Текебаев Бишкектин Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

2-декабрга караган түнү шектүүлөрдүн бири кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырганы милициянын маалыматында айтылды.

Президент Садыр Жапаров окуяны тыкыр иликтөөнү жана чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG