Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:22

Орусия чалгынчылар үчүн смартфон чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук компьютердик корпорацияга кирген Aquarius тобу менен Касперский лабораториясы аскер күчтөрү жана атайын кызматтар үчүн смартфон ойлоп табышты. Бул тууралуу "Коммерсантъ" басылмасы жазды.

Гаджет Kaspersky Lab операциялык системасында иштейт.

Анын глобалдык Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү жок. Бирок IP туташуусу аркылуу корголгон режимде тиркемелерге жана корпоративдик кызматтарга жетүү үчүн колдонсо болот.

"Водолей" деген аталышта иштелип чыккан бул смартфон чиновниктерди жана мамлекеттик корпорацияларды да кызыктырышы мүмкүн экени айтылды.

Aquarius компаниясы буга чейин 200 смартфон чыгарган. Жылдын аягына чейин компания дагы 3000 аппаратты чыгарууну пландаштырууда. Бул смартфонду жасап чыгууга бир миллиард рубль сарпталган. Бирок даяр болгон ар бир смартфондун наркы айтылган эмес.

Айрым басылмалардын жазышынча, смартфон жакшы корголгон жана жалпы керектөөчүлөргө ылайыктуу эмес.

Бул мобилдик аппараттарга болгон суроо-талап атайын кызматтардын из кубарларына аппаратты пайдаланууда жеке көзөмөлдү күчөтүүгө ыңгайлашкан.

"Коммерсантъ" басылмасынын маалымат булагынын айтымында, бул иштелме чалгынчылардын жеке мобилдик телефондордон кат алышуусун коргоо максатын көздөй турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG