Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Президент депутаттардын айлыгын кыскарткан жарлыкка кол койду


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жөнүндө жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 2-декабрда кабарлады.

Жарлыкка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына кеткен чыгымдар азайтылып, парламентарийлердин кызматтык оклады төмөндөтүлдү.

Жогорку Кеңештин төрагасынын айлыгы 30 миң сом, вице-спикерлердики 27 миң сом, парламенттик фракциялардын лидерлериники жана комитеттердин төрагаларыныкы 26 миң сом, депутаттардыкы 25 миң сом деп белгиленди. Айрым депутаттар эл өкүлдөрүнүн кызматтык оклады буга чейин эле 25 миң сом болгонун билдиришти.

Буга кызматтык сапарларга, кагаз жана башка чыгымдарга делген каражат кирер-кирбеси, буга чейин айлыктар канча сом болгону ачык айтылган жок.

Маалыматта Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келгени кабарланды. Бул жарлык менен компенсациялар жана кызматтык автоунаалар алынып салынды. Ал эми колдо бар кызматтык батирлер турак жайы жок депутаттарга бөлүштүрүлөт.

Быйыл 5-майда күчүнө кирген Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан куралат. Анын 54ү партиялардан, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG