Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:22

Казакстанда миңге жакын кишиге мунапыс берилет


Казакстан - Актөбөдөгү түрмөнүн айланасында аскерий топ көрүндү. 9-март 2021-жыл
Казакстан - Актөбөдөгү түрмөнүн айланасында аскерий топ көрүндү. 9-март 2021-жыл

Казакстан парламентинин жогорку палатасы 2-декабрда “Эгемендиктин 30 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам күчүнө кирсе Казакстандын абак жайларындагы миңге чукул киши бошотулат.

Ички иштер министри Ерлан Тургумбаев Сенатта документ күчүнө киргенден кийин майда жана орточо зыян алып келген кылмыштарды жасаган миңге жакын киши абактан бошотула турганын билдирди.

"Мыйзам долбоору майда кылмыштар үчүн жазаны өтөөдөн бошотууга, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн жазанын өтөлө элек мөөнөтүн кыскартууга багытталган. Өзгөчө көңүл жарандардын социалдык жактан аялуу катмарына – ардагерлерге, жашы жете электерге, улгайган жарандарга, I-II топтогу майыптарга, жарандардын жана мамлекеттин коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурбаган башка адамдарга бурулууда", - деди Тургумбаев.

Буга чейин министр абактагы 2 236 адам амнистияга, 11 310 адам пробация көзөмөлүнө, сотко жетпей калган 5 миңге жакын кылмыш иши жабыла турганын, 1 674 адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, аларга жазаны кыскартуу боюнча жобо колдонуларын билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча, Казакстанда 34 миң адам жаза аткаруу тутумунун 64 түзөтүү колониясында жана 16 тергөө абагында камакта. 30 миң адамга өкүм чыгарылып, калгандары камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ички иштер министрлигинин статистикасы боюнча, алардын 93% оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаса, 45% жакыны мурда сот жообуна тартылган.

Мунапыс жөнүндөгү мыйзам долбоору президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.

XS
SM
MD
LG