Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:41

Түркмөнстанда арзан азык-түлүктү алуу кыйындады


Түркмөнстан. Ашхабаддагы мамлекеттик азык-түлүк дүкөнүнүн алдындагы кезек күтүү.
Түркмөнстан. Ашхабаддагы мамлекеттик азык-түлүк дүкөнүнүн алдындагы кезек күтүү.

Түркмөн бийлиги абактагылардын үй-бүлөлөрүн жана эмгек мигранттарын арзан баада азык-түлүк сатып алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууну чечти.

Бул чара арзандатылган тамак-аш сатып алуу үчүн мамлекеттен жөлөк пул алган миллиондогон түркмөндөргө таасир этери күтүлүүдө.

Түркмөнстандын көптөгөн тургундары жакында социалдык жардамсыз калат. Анткени жаңы чыккан жобого ылайык, камактагылардын жана эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрү азык-түлүк тартыштыгынын шартында мамлекет субсидиялаган арзан тамак-аш сатып алуучулардын социалдык тизмесинен чыгарылат.

Бир нече булак “Азаттыктын” түркмөн кызматына жаңы жобо келерки жылдын башында күчүнө кирерин айтты.

Түркмөнстан жарандарын мамлекеттик азык-түлүк дүкөндөрүнөн арзан баада тейлөөнү барган сайын чектеп жатканы кабарланды.

Бул мамлекеттик дүкөндөр нан, ун, суу май жана кумшекер сыяктуу негизги азык-түлүктү жеке менчик дүкөндөргө караганда 10 эсе арзан сунуштайт.

Мындай чара энергияга бай, бирок абдан жакыр өлкөнүн миллиондогон калкына терс таасирин тийгизери болжолдонууда.

Чет өлкөлөрдөгү түркмөн эмгек мигранттарынын саны миллионго жакын деп эсептелсе, алардын көбү Түркияда иштей турганы айтылган.

2021-жылдын башында өлкөдө камактагылардын саны 35 миңге жакын деп эсептелген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG