Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Президенттин жана Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы бириктирилди


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы бул жарлыктын негизинде Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын базасында президенттин иш башкармасы түзүлөрүн билдирди.

Президенттин иш башкармасы өлкө башчынын, Жогорку Кеңештин, Министрлер кабинетинин, президенттин администрациясынын жана парламенттин аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону ишке ашырат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG