Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Депутаттар парламенттин түзүмүн январда аныктайт


Парламенттин 29-декабрдагы жыйыны.
Парламенттин 29-декабрдагы жыйыны.

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин түзүмү боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Депутаттык комиссиянын сунушу боюнча, тармактык комитеттердин саны мурдагыга караганда кыскарып, вице-спикерлер көбөймөк. Бирок эл өкүлдөрү буга макул болбой, маселе жаңы жылдан кийин карала турган болду. Оппозициялык маанайдагы депутаттар тармактык комитеттер бийликчил фракциялардын ортосунда бөлүштүрүлүп жатканын айтып чыгышты.

Комитеттерди кыскартып, орун басарларды көбөйтүү сунушу

Жогорку Кеңештин 29-декабрдагы алгачкы сессиясында 7-чакырылыштагы парламенттин курамы менен түзүмүн иштеп чыгуу үчүн 18 депутаттан турган комиссия түзүлгөн. Анын курамына “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан Эмил Токтошев, Исхак Масалиев, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан Бакыт Төрөбаев, Элмурза Сатыбалдиев, Бакыт Сыдыков, “Ыйман Нурунан” Султанбай Айжигитов, Динара Ашимова, Замирбек Мамасадыков, “Ишенимден” Улукбек Ормонов, Нурбек Сыдыгалиев, “Альянстан” Жанарбек Акаев менен Алтынбек Сулайманов, “Ынтымак” фракциясынан Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Аида Исатбек кызы, бир мандаттуу округдан Дастан Бекешев, “Элдик” тобунун атынан Акылбек Түмөнбаев, Тазабек Икрамов кирген.

Алар 30-декабрда эртең менен чогулуп, түштөн кийин парламенттин түзүмүнүн долбоорун жалпы жыйынга алып чыгышты. Ага ылайык, тармактык комитеттердин саны жетиге кыскартылган.

  • Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук;
  • Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты, экология;
  • Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент;
  • Финансылык-экономикалык саясат;
  • Социалдык саясат, билим берүү, илим, саламаттык сактоо жана спорт;
  • Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү;
  • Транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш жана агрардык саясат боюнча комитеттери.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында тогуз комитет болуп, алардын ичинен эң ири делген Бюджет жана финансы боюнча жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети оппозицияга берилип келген. Мыйзамда ушундай жобо бар болчу. Анын авторлору ушундай жол менен парламентте жана аткаруу бийлигинин ишин көзөмөлгө алууда тең салмактуулук түзүүнү каалашкан.

Өздөрүн оппозициялык фракция катары тааныштырган “Бүтүн Кыргызстандын” депутаты Эмил Токтошев бул парламентте комитет төрагаларын бийликчил фракциялар ич ара бөлүшүп алганын билдирди.

Эмил Токтошев
Эмил Токтошев

“Жогорку Кеңеште ич ара сүйлөшүүлөр болуп жатыптыр. Оппозициялык азчылык катары кабарыбыз жок. Бизди чакырышкан эмес. Парламенттин түзүмүнүн долбоорун бүгүн көрдүк. Ал буга чейин эле түзүлгөн. Демек баары чечилген деп айтсак болот. Чоң-чоң фракциялар эле ич ара бөлүшүп алышты".

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров аларга бир дагы комитет кереги жоктугун айтты. Парламенттин курамын түзгөн комиссиянын сунушуна каршы болгондор агрардык саясат, экология, маданият, миграция өңдүү тармактар камтылбай калганын билдирип, комитеттердин санын көбөйтүүнү талап кылышты.

Эл өкүлдөр макул болбогон дагы бир маселе бар. Комитеттердин санын кыскарткан депутаттык комиссия вице-спикерлерди көбөйтүүнү туура көргөн. Мурда Жогорку Кеңештин төрагасынын эки орун басары болсо, азыр төрткө жетери айтылды.

Депутат Адахан Мадумаров комиссия мүчөлөрүнө мындай деп суроо салды:

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

“Төраганын төрт орун басары эмне иш кылат? Мына ошолорго айлык көтөрүлүп, машине берилет. Ал эми комитеттерге иштен башка эч нерсе берилбейт. Алар бюджетке дагы чыгым алып келбейт. Иштейм деп жулунуп аткан азаматтарды иш менен камсыз кылыш керек. Маданият, адабият жана тил маселеси айдалбаган талаа болуп жатат. Миграция дагы маанилүү көйгөй. Мына бизде жылына 100 миң гектар сугат жерлер жоголуп жатат. Жер казынасын пайдалануу менен экология бири-бирине каршы келет, садагалар", - деди Мадумаров.

Комиссиянын сунушуна каршы болгон депутаттар комитеттердин көп болушу сапаттуу мыйзамдардын өтүшүнө жана анын аткарылышына өбөлгө болорун жүйө келтирип жатышат.
Ал эми депутаттык комиссиянын мүчөлөрү сунуш ар бир фракциянын мүчөлөрү менен макулдашылганын, жалгыз кабыл алынбаган чечим экенин айтышты. Алардын бири Алтынбек Сулайманов сын-пикир, кошумчаларга мындай жооп берди:

Алтынбек Сулайманов
Алтынбек Сулайманов

“Урматтуу кесиптештер, кечээ сиздер менен комиссия түзгөнбүз. Ага ар бир фракция мүчө сунуштагансыздар. Бизге тапшырма берип, эртең менен иштедик. Ал жерде көп талаш болду. Эки вице-спикер кошуп алганыбыздын себеби бар. Аны бир мандаттуу шайлоо округунан келгендер суранышты. Маселе ушундай. Комиссиянын чечимин добушка коелу”.

Жыйынтыгында депутаттык комиссиянын сунушу колдоо таппай, аны кайрадан иштеп чыгуу үчүн танапис жарыяланды. Бирок тыныгуудан кийин комиссиянын иши жыйынтыкталбай калганы айтылып, маселе жаңы жылдан кийин, 12-январда карала турган болду. Ошондо парламенттин түзүмү бекип, тармактык комитеттин төрагалары жана Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары шайланышы керек.

Бир мандаттуу шайлоо округунан мандат алган Дастан Бекешев депутаттык комиссиянын алгачкы сунушуна өзгөртүү киргизилгенин маалымдады.

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

“Комиссиядагы депутаттар башында макул болуп, жыйындан башка позицияны айтышты. Мен буга таң калдым. Депутаттык комиссия кайра чогулуп, экинчи долбоорду даярдап койдук. Вице-спикерлердин саны боюнча көрөбүз. Кыскарышы да мүмкүн. Ал эми сегиз комитетке токтолдук. Экология, агрардык саясат, суу ресурстары жана региондорду өнүктүрүү комитети кошулду. Ошол эле учурда парламенттин ишине бийлик кийлигишип атат деген туура эмес. Ачыгын айтканда, президенттин администрациясындагы реформадан кийин төрт бөлүм эле калган. Алар Жогорку Кеңеште да төрт комитет болсо жакшы болорун сунуштаган. Бирок биз аларды уккан жокпуз".

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы 29-декабрдагы алгачкы жыйында төраганы шайлап, анда дагы талаш-тартыштар көп болгон. Төрагалыкка Талант Мамытов менен Адахан Мадумаровдун талапкерлиги сунушталып, добуш берүүнүн жыйынтыгында Мамытов утуп кеткен. Анын талапкерлигин 87 депутаттын 63ү колдоду. "Бүтүн Кыргызстандын" лидери 10 добуш алган.

Саясат талдоочу Шаирбек Маматокторов жаңы парламенттин алгачкы эки жыйындагы окуяларга баа берди:

Шаирбек Маматокторов
Шаирбек Маматокторов

“Структураны бекитүү, вице-спикерлерди шайлоо күн эрте пландалганы билинип калды. Бийликтин бул кадамы спикер шайланып жатканда эле белгилүү болгон. Алдын ала баары сүйлөшүлүп, кимдин комитет жетектей турганы, кимдин орун басар болору сүйлөшүлгөн. Бийликчил партиялар жаңы депуттарды чогултуп, эмне кылышты үйрөтүштү. Бирок алар унутуп калыштыбы же “бизди эмне айдап атышат” деп нааразы болдубу белгисиз. Жыйынтыгында үзгүлтүккө учурады”.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары.

Жогорку Кеңештеги биригүүлөр

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышында мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот. Алардын 36сы бир мандаттуу шайлоо округунан келгендер. Мурда парламентте көпчүлүк коалиция түзүлүп, алар өкмөттүн курамын түзуп келишкен. Жаңы парламентте андай укук жок. Бирок Жогорку Кеңеште ар кандай топтор пайда боло баштады. Шайлоодо 5% босого чектен чектен өткөн партиялардын бешөө фракция катары жарыяланып, лидерлери анык болду. Бир гана "Ата-Журт Кыргызстандын" катарына бир мандаттуу шайлоо округунан келген 18 депутат кошулду. Бул партияны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланыштырып келишет. Бирок бул маалыматты эч ким расмий тактай элек.

Аталган фракциянын катарына кошулган Элмурза Сатыбалдиев өзүнүн чечимин мындай түшүндүрдү:

Элмурза Сатыбалдиев
Элмурза Сатыбалдиев

"Өзүңөр билгендей жалгыз депутат иш кыла албайт. Сөзсүз бир фракцияга кириш керек же топ түзүш керек. Биз өз ыктыярыбыз менен "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына кирип кеттик. Анткени көз караштарыбыз төп келет. Биздин багытыбыз, оппозиция же позиция экенибиз алдыда билинет. Ошол эле учурда "Ата-Журт Кыргызстанга" кошулуп кеткен топту бийликчил, калгандарын оппозиция деп айтууга болбойт".

Аймактардан шайланып келген 18 депутат Жогорку Кеңештеги ири фракциянын бирине кошулса, калган 13 депутат "Элдик" деп аталган топ түзүштү. Алардын курамында Акылбек Түмөнбаев, Мирлан Самыйкожо, Аманкан Кенжебаев, Жалалидин Нурбаев, Өмүрбек Бакиров, Тазабек Икрамов, Арсланбек Малиев, Дастан Бекешев, Нурлан Азыгалиев, Максат Сарбагышев, Чыңгыз Ажибаев, Бактыбек Чойбеков жана Нурлан Ражабалиев бар.

Бул топтун төрагасы Акылбек Түмөнбаев анын түзүлүш максаты тууралуу ортого салды:

Акылбек Түмөнбаев
Акылбек Түмөнбаев

"Биз аймактардагы элге түз байланышта болорубузду айтып келген үчүн топ түздүк. Башка фракцияларга кошулуп кеткен жокпуз. Бирден жүрсөк мыйзам жазууда, аларды көзөмөлдөөдө алсыз болуп калчуданбыз. Ал эми фракцияларга кирип кеткендер болуп атат. Бир мандаттуу округдан келип алып фракцияларга кирип кетүү туура эмес деп айта алам. Бул элди алдоо деп билем. Бул менин пикирим. Буюрса, алардын баары биздин топко кошулат деген үмүттөмүн. Биздин топ вице-спикер сунуштап, комитет сурап атабыз".

Парламенттен эң көп добуш алган "Ишеним", "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Ынтымак" партиясы бийликчил экени айтылып келет. Буга чейин "Бүтүн Кыргызстандын" депутаттары фракция оппозициялык көз карашта боло турганын жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG