Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Парламенттин VII чакырылышы ишин баштады, Мамытов спикер болду

Талант Мамытов парламенттин жыйынында. 29-декабрь, 2021-жыл.
Талант Мамытов парламенттин жыйынында. 29-декабрь, 2021-жыл.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берип, ишке киришти. Алгачкы сессияда "Ынтымак" фракциясынан депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын төрагасы болуп шайланды.

Анын талапкерлигин 87 депутаттын 63ү колдоду. Бул кызматка "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан сунушталган Адахан Мадумаровдун талапкерлигин 10 депутат колдоп, 14ү экөөнө тең каршы добуш берди.

Добуш берүү бюллетень салуу аркылуу өттү. Анын жыйынтыгын эсептөө комиссиясынын төрагасы, депутат Таалайбек Масабиров жарыялады.

VII чакырылыштын депутаттары бүгүн, 29-декабрда ант берип, алгачкы жыйынын өткөрдү. Добуш берүүдөн мурда алар парламенттин ишин илгерилетүү, аброюн көтөрүү жана айрым мыйзамдар боюнча ойлорун айтышты.

Талант Мамытов - президент Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Ал 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин 6-чакырылышка төрага болуп шайланган.

Спикер шайлоого чейин парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып, депутаттар ант беришти.

№30 Ысык-Ата округунан депутат болуп шайланган Акбөкөн Таштанбеков ант берген жок. Аны Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренеси менен айыптап камакка алган. БШК сот чечими жоктугуна байланыштуу Таштанбековду депутат кылып каттаган.

Эл өкүлдөрү ант бергенден кийин депутат Бакыт Төрөбаев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы түзүлгөнүн жарыялап, ага 33 депутат киргенин билдирди. Фракциянын лидери болуп Төрөбаев дайындалган.

Аны улай Улукбек Ормонов "Ишеним" фракциясы түзүлгөнүн айтып, лидери өзү экенин, ага 12 депутат киргенин билдирди.

"Ынтымак" партиясынын лидери Марлен Маматалиев ушундай эле аталышта фракция түзүлгөнүн, анда тогуз 9 депутат бар экенин айтты. Бирок алар башка топко бириге турганын жарыялады.

"Биз менен чогуу бир мандаттуу округдардан чыккан депутаттар менен башка топко барууну чогуу, биргеликте чечтик", - деди.

"Альянстын" лидери Алтынбек Сулайманов алардын фракциясы бүгүнтөн баштап эркин фракция болорун жарыялады. Курамында жети депутат бар.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Жогорку Кенеште фракцияларга биригүү тартибине токтолду. Ал учурда күчүндө турган регламентке ылайык, парламенттик фракция бул - тизме боюнча бир саясий партиядан шайланган Жогорку Кенештин депутаттарынын бирикмеси экенин айтты. Андыктан фракцияларга биригүүгө шашылбай турууга чакырды.

"Бүтүн Кыргызстандын" лидери Адахан Мадумаров учурда иштеп жаткан регламентке ылайык, депутаттар ант бергенден кийин биринчи жыйын жабылышы керектигин эскертти.

Бакыт Төрөбаев парламенттин аппаратына сын айтып, мындай катачылыктарга жол бербеш керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында талаш-тартыштан кийин парламенттин алгачкы отурумун алып барган Шарапаткан Мажитова жыйынды жаап, саат 15:00гө чейин танапис жарыялады.

Парламенттик шайлоо

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды.

"Баарына каршы" көп добуш берилген Биринчи май жана Свердлов округдарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын БШК жараксыз деп тапты. Бул округдарда 2022-жылдын 27-февралында кайра шайлоо өтөт.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болду.

Жогорку Кеңештин жаңы курамы ант берди

Диний насааттары менен белгилүү болгон мурдагы маданият министри Нуржигит Кадырбеков "Ыйман Нуру" партиясынан Жогорку Кеңешке шайланып келди.
1/19 Диний насааттары менен белгилүү болгон мурдагы маданият министри Нуржигит Кадырбеков "Ыйман Нуру" партиясынан Жогорку Кеңешке шайланып келди.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
Борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы менен тааныштырды. 
2/19 Борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы менен тааныштырды. 
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова&nbsp;Шарапаткан Мажитовага депутаттык<strong>&nbsp;</strong>төш белгини тапшырып жатат.​
3/19 БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Шарапаткан Мажитовага депутаттык төш белгини тапшырып жатат.​
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
Талант Мамытов.&nbsp;
4/19 Талант Мамытов. 
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
&quot;Ыйман Нуру&quot; партиясынан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Динара Ашымова.
5/19 "Ыйман Нуру" партиясынан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Динара Ашымова.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
Депутаттар ант берүү аземинен кийин бири-бирин куттуктап жатышат.&nbsp;
6/19 Депутаттар ант берүү аземинен кийин бири-бирин куттуктап жатышат. 
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
Коомдук тамактануучу жайларды, тамак-аш саткан дүкөндөрдү кыдырып, санитардык абал жөнүндө видео тарткан блогер&nbsp;Эрулан Кокулов депутат катары ант берип жатат.&nbsp;
7/19 Коомдук тамактануучу жайларды, тамак-аш саткан дүкөндөрдү кыдырып, санитардык абал жөнүндө видео тарткан блогер Эрулан Кокулов депутат катары ант берип жатат. 
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
Бул ирет парламентте 90 депутат болот.
8/19 Бул ирет парламентте 90 депутат болот.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
Социалдык тармактарда бийликти кескин сындаган активист&nbsp;Орозайым Нарматова. Ал &quot;Бүтүн Кыргызстан&quot; партиясынан шайланып келди.&nbsp;
9/19 Социалдык тармактарда бийликти кескин сындаган активист Орозайым Нарматова. Ал "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан шайланып келди. 
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
Парламенттеги билдирүүлөрү элдин талкуусунда калган алтынчы чакырылыштын депутаттары&nbsp;Тазабек Икрамов&nbsp;жана&nbsp;Дастан Жумабеков&nbsp;да шайлоодо өз атаандаштарын утуп чыгышты.
10/19 Парламенттеги билдирүүлөрү элдин талкуусунда калган алтынчы чакырылыштын депутаттары Тазабек Икрамов жана Дастан Жумабеков да шайлоодо өз атаандаштарын утуп чыгышты.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
Мурдагы башкы прокурор&nbsp;Элмурза Сатыбалдиев&nbsp;№12 Өзгөн бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келди.&nbsp;
11/19 Мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев №12 Өзгөн бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келди. 
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
&quot;Бүтүн Кыргызстандын&quot; лидери&nbsp;Адахан Мадумаров ант берүүдө.&nbsp;
12/19 "Бүтүн Кыргызстандын" лидери Адахан Мадумаров ант берүүдө. 
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
Депутат Жанар Акаевдин ант берип жаткан учуру.&nbsp;&nbsp;
13/19 Депутат Жанар Акаевдин ант берип жаткан учуру.  
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
Жогорку Кеңешке алтынчы чакырылыштын 30дай депутаты кайра шайланып келди.
14/19 Жогорку Кеңешке алтынчы чакырылыштын 30дай депутаты кайра шайланып келди.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, &quot;Ынтымак&quot; партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачты.
15/19 Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачты.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
Мирлан Самыйкожо&nbsp;Жогорку Кеңешке бир мандаттуу №32 Кочкор&nbsp;округунан шайланып келди&nbsp;
16/19 Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңешке бир мандаттуу №32 Кочкор округунан шайланып келди 
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова&nbsp;Улан Примовго депутаттык<strong>&nbsp;</strong>төш белгини тапшырып жатат.​
17/19 БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Улан Примовго депутаттык төш белгини тапшырып жатат.​
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
&quot;Альянстын&quot; лидери&nbsp;Алтынбек Сулайманов&nbsp;алардын фракциясы бүгүнтөн баштап эркин фракция болорун жарыялады.
18/19 "Альянстын" лидери Алтынбек Сулайманов алардын фракциясы бүгүнтөн баштап эркин фракция болорун жарыялады.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
Жаңы курамда жашы 30дан эми ашкан ишкерлерден тартып, блогер, бийликти кескин сындаган активист, мурунку аткаминерлер бар.
19/19 Жаңы курамда жашы 30дан эми ашкан ишкерлерден тартып, блогер, бийликти кескин сындаган активист, мурунку аткаминерлер бар.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.
Артка
Алдыга

Парламентке кимдер келди?

Алтынчы чакырылыштын 30дай депутаты кайра шайланып келди. Жаңы курамда жашы 30дан эми ашкан ишкерлерден тартып, блогер, бийликти кескин сындаган активист, мурунку аткаминерлер бар.

Элдин элегинен өткөндөрдүн арасындагы коомчулук көңүл бурган талапкерлер кимдер? Коомдук тамактануучу жайларды, тамак-аш саткан дүкөндөрдү кыдырып, санитардык абал жөнүндө видео тарткан блогер Эрулан Кокулов, таанымал акын Мирлан Самыйкожо, диний насааттары менен белгилүү болгон мурдагы министр Нуржигит Кадырбеков, социалдык тармактарда бийликти кескин сындаган активист Орозайым Нарматова мандат алды.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин бийлигинен бери оппозицияда жүргөн саясатчы Адахан Мадумаров, 2010-жылдагы 7-апрель окуялары боюнча айыпталып, жаза өтөп чыккан, экс-баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев, Ошто "таасирдүү фигура" аталган Ички иштер министринин мурдагы орун басары Сүйүн Өмүрзаков, камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаедин уулу Сеид Атамбаев, бийликти кескин сындап жүргөн эл өкүлү Дастан Бекешев депутат болду.

Парламенттеги билдирүүлөрү элдин талкуусунда калган алтынчы чакырылыштын депутаттары Тазабек Икрамов жана Дастан Жумабеков да шайлоодо өз атаандаштарын утуп чыгышты.

Куржундар
XS
SM
MD
LG