Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Талас: шайлоочу талапкерге каршы арыз жазды


Бир мандаттуу округдун картасы
Бир мандаттуу округдун картасы

Талас шаарынын тургуну Аскар Исабеков бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округунан талапкер болуп, жеңип чыккан Бактыбек Чойбековду добуш сатып алууга айыптап, прокуратурага кайрылды. Талапкер өз дарегине айтылгандар дооматтарды четке кагууда.

Буга чейин бул талапкерге карата 12 арыз түшкөн, бирок милиция аларда кылмыш белгилери жок деген бүтүм чыгарган.

Аскар Исабековдун айтымында, Бактыбек Чойбеков Талас районунун Арал айылындагы үгүтчүсү Мадылбек Ибраимов аркылуу көчөлөрдүн бирине кум-шагыл төгүп берген.

"Прокуратурага арыз жазып кайрылганбыз. Себеби, 25-ноябрь күнү депутаттыкка талапкер Чойбековдун расмий келишим түзүлүп ишке алынган үгүтчүсү Мадылбек Ибраимов демөөрчүлүк кылып, Жаңы-Турмуш өзөнүндөгү дыйкандар кетчү жолго кум-шагыл төгүптүр. Ал жерге мамлекеттик ДЭУ-36 ишканасынын техникаларын колдонушкан".

Жаңы-Турмуш өзөнүндөгү жол оңдоо иштери Арал айыл өкмөтүнүн "Фейсбуктагы" баракчасында да жарыяланган. Ал жерде айыл тургуну Мадылбек Ибраимовго аткарылган жумуштары үчүн ыраазычылык билдирген. Бирок анын эртеси күнү жарыяланган посттон Ибраимовдун аты алынып калган.

Мадылбек Ибраимов өз дарегине айтылган айыптоону четке кагып, ал иштердин шайлоого тиешеси жок экенин айтты.

"Анын Чойбековго тиешеси жок. Биз жаамат менен өзүбүз акча чогултуп кылганбыз. Болгону ошол учур болуп калды. Кар жаайт дегенинен шашып калдык. Ал бизге бир тыйын берген жок. Айыл өкмөт акча берген, анан жамаат өзүбүз чогулттук", - Ибраимов.

Аталган округда таза шайлоо болбогонун талапкер Айбек Бусурманкулов да айтып чыккан. Ал шайлоо күнү талапкер Чойбековдун үгүтчүлөрү шайлоочуларды машине менен ташып жатат деп айыптаган билдирүүлөрдү соцтармактарга жарыялаган. Бирок укук коргоо органдары бул фактыны далилдеген эмес.

Бактыбек Чойбеков бул маалыматтарды жеңилген тараптын каралоосу деп сыпаттап, үгүтчүлөрдүн аракети үчүн жооптуу эместигин билдирди.

"Мен ар бир үгүтчү үчүн жооп бере албайм да. Мен эми шайлоо учурунда шагыл төккөнгө болбосун билем. Ар бир адам өзү үчүн жооп бериши керек да, мен үгүтчү үчүн жооп бере албайм. Келишим түзүп алып той бере берсе деле менин кандай тиешем бар? "Акча таратканын билебиз" десеңер ошол ар бир айылга барып изилдеп сурап көрсөңөр, анан чындык билинет. Эми чычалаган тарап ушундай боло берет экен".

Облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, №21 Талас шайлоо округунан талапкер Бактыбек Чойбековго байланыштуу 28-октябрдан 14-декабрга чейинки аралыкта шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 12 факты катталган.

"Үч маалымат кылмыштын же жоруктун курамы жок болгондуктан номенклатуралык иш кагаздарына жиберилген. Бир факты сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган. Жети арыз боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, эч кандай далил жана кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Ал эми бир факты боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылып, токтомдун көчүрмөсү Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү", - деди Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева.

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-декабрда №21 Талас шайлоо округунун жыйынтыгын расмий жарыялап, Бактыбек Чойбековду 9 773 добуш менен жеңүүчү катары тааныган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун айтымында, арыз-даттануулардын баары каралып чыккандан кийин, расмий жыйынтык чыккан.

"Териштирүү жүрүп жаткан болсо, добуш сатуу фактылары аныкталса, шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин деле каралышы мүмкүн. Эгерде айыптоочу өкүм күчүнө кирсе, депутат болгон күндө да ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотсо болот".

Мындан сырткары Бекматов БШКнын жыйынтыгына нааразылар үч күн ичинде сотко кайрылса болорун кошумчалады.

Боршайкомдун мурдагы төрагасы Акылбек Сариев үгүтчүлөрдүн добуш сатып алганы такталса, талапкерге да таасири тийе турганын айтууда.

"Укук коргоо органдары тастыктап бүтмөйүн жыйынтык чыгышы мүмкүн эмес да. Анткени бул Жазык кодексинин негизинде алып барчу маселе. Эгерде тиешеси бар болсо атайын көрсөтүлгөн тараптар бар да, ишенимдүү адамы, ыйгарым укуктуу өкүлү, байкоочусу. Эгерде ошондой макамы бар жарандар болсо, талапкерге сөзсүз залакасы тиет".

30-ноябрда №20 Манас округу боюнча шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор акцияга чыгышкан. Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында митингге чыккандар бир мандаттуу жарышта талапкер Дастан Жумабековду добуш сатып алган деп айыптап, аны шайлоодон четтетүүнү талап кылышкан.

Ушул эле күнү Бишкекте шайлоого катышкан айрым партиялардын маалымат жыйыны өткөн. Ага бийлик өкүлү катары Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов катышып, ар бир фактыга укук коргоо органдары реакция кылып жатканын билдирген.

Милиция Талас облусунда шайлоо мыйзамдарын бузууга байланыштуу жалпысынан 43 маалыматты каттаган. Анын ичинен үч факты боюнча текшерүү иштери жүрүп жатса, чара көрүү үчүн башка органдарга эки материал жөнөтүлгөн. Калган маалыматтарда кылмыштын же жоруктун курамы табылган эмес.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өттү. Бул жолку шайлоо аралаш система менен өтүп, преференциалдык ыкма колдонулду. Парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Таласта шайлоонун жыйынтыгына каршы өткөн митинг

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG