Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:03

Оппозициялык күчтөрдүн “Элдик парламент” түзүү планы


Шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жаткан оппозициялык партиялардын БШКнын алдындагы митинги.

Парламенттик шайлоодо жетиштүү добуш албай калган партиялар “Элдик парламент” түзүүнү пландаса, Жогорку Кеңешке өткөн алты партиянын экөө оппозициялык көз карашта экенин билдирди.

Бирок жаңы Конституцияда парламенттин укугу чектелген жана мурдагыдай оппозициялык азчылык деген түшүнүк жок.

“Элдик парламент” түзүү аракети

Парламенттик шайлоого катышкан партиялардын бир бөлүгү добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай, өзүнчө “Элдик парламент” түзүүнүн аракетин көрүп жатат. Алардын айтымында, “Элдик парламентке” 28-ноябрдагы шайлоодо беш пайыздык босого чектен өтпөй калган партиялардын өкүлдөрү жана бир мандаттуу шайлоо округундагы талапкерлер кире алат.

“Азаттык” партиясынын лидери Исмаил Исаков жаңы түзүлө турган кыймыл боюнча буларды айтты:

Исмаил Исаков
Исмаил Исаков

“Шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгышы керек. Биз ага чейин бюллетендерди, чектерди жана протоколду текшерүүгө аракет көрүп жатабыз. Бирок БШК биздин сураныч менен макул болбой жатат. Бийлик ушундай жол менен кете берсе, анда бирдиктүү күч топтолот. Мыйзам чегинде күрөшкөнгө аракет кылабыз. Шайлоого катышкан 1 млн. 293 миң адамдын 20% Жогорку Кеңешке өтпөй калган партияларды колдогон. Ошолор менен “Элдик парламент” түзүп, өзүнчө иштеп бийликке сунуштарды беребиз деген ой пикирлерибиз бар. “Ата Мекен” партиясына сунуш бердик. Башка партиялар дагы ойлонуп жатат. “Элдик парламентте” канча депутат болору азырынча белгисиз. Мандаттар алардын алган пайызына жараша бөлүнүшү мүмкүн. Калган маалыматты кийин беребиз”.

Оппозициялык күчтөрдүн расмий бийликке атаандаш парламент жана өкмөт түзүү тажрыйбасы Батыш Европа мамлекеттерине таандык. Мындай демилге Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу көтөрүлүп жаткан жок.

2010-жылы парламенттик шайлоодон өтпөй калган партиялар да атаандаш парламент түзүп, аны “Замандаш” партиясынын лидери Муктарбек Өмүракунов жетектеген эле.


“Ата Мекен” партиясы менен шайлоого катышкан Клара Сооронкулова оппозициянын азыркы абалына мындай баа берди:

“Азыр бирдиктүү оппозиция бар деп айтууга эрте. Анткени, бизди шайлоодогу мыйзам бузуулар бириктирди да. Ал жерде менин көз карашым туура келбеген саясатчылар бар да. Ошол эле учурда бийлик бекемдеген сайын оппозиция деле күчөй берет. Эгерде таанымал саясатчылар тынчып калса, анда элдин арасынан оппозиция пайда болот. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Биз Жогорку Кеңештеги оппозиция менен байланыш түзгөнгө аракет кылабыз".

Азыркы учурда “Ата Мекен”, “Азаттык”, “Улуттар Биримдиги”, “Социал-Демократтар” жана “Жашылдар” партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын ачык билдиришти. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында эки курдай митинг өткөрүп, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.

Жогоркуда аталган партиялар БШКнын алдында митинг өткөрүп жаткан учурда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Ал бул окуяны шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырган.

Андан кийин Акматбек Келдибеков менен Бектур Асанов УКМКга суракка чакыртылган. Келдибеков атайын кызматтан чыккандан кийин шайлоонун жыйынтыгы боюнча пикирин өзгөрткөн.

"Ата Мекен" партиясы менен шайлоого катышкан Бектур Асанов болсо мындай деди:

"Оппозицияга болгон кысым шайлоо бүтүп, БШКнын алдында митинг болуп жаткан учурда күчөдү. Аймактардагы талапкерлерге чейин коркута баштады. Өмүрбек Текебаевге кол салууну, мени УКМКга чакырууну кысым катары кабыл алабыз. Мени эмнеге чакырганын өзүлөрү билишпейт. Расмий деле сурашкан жок. Азыр оппозицияны чачыратуу аракети болуп жатат".

Коомдук ишмер Кемел Ашыралиев парламент 30 пайызга жаңыланганын, андыктан жаңы шайлангандарга мүмкүнчүлүк бериш керектигин билдирди:

Кемел Ашыралиев
Кемел Ашыралиев

“Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ар кандай кесиптеги адамдар келди. Мисалы, Мирлан Самыйкожо бир сом акчасы жок депутат болгону жатат. Азыркыдай шайлоо болбогондо ал эч качан мандат ала алмак эмес. Кайра шайлоо өткөрүштүн кереги жок го. Анткени өлкөнүн бюджетине эле күч келет. Андан көрө жаңы шайланып келген депутаттарга мүмкүнчүлүк берели".

Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуштарды колго саноонун протоколдору жалпы системага ушул саатка карата (6-декабрь, 18:06) 99,96% катталып бүттү.

2494 участкалык шайлоо комиссиясынын (УШК) бирөө боюнча гана маалымат кечээтен бери жаңылана элек болууда. Ал кайсы УШК экенин жана эмне үчүн жаңыланбай турганын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) азырынча түшүндүрө элек.

Жогорку Кеңештеги оппозиция кандай болот?

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгына ылайык Жогорку Кеңешке “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары өттү. Саясий жарышта алгачкы болуп келген үч партия бийликчил катары сыпатталып келет. 90 орундуу бул парламенттин 36 мандаты дал ушул үчилтиктин колунда.

Ал эми “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров Садыр Жапаровдун бийлигине сын айткан саясатчылардын бири. Азыркы эсептерге ылайык, “Бүтүн Кыргызстан” Жогорку Кеңешке алты эл өкүлүн алып келет. Алардын бири Эмил Токтошев партиянын парламенттеги позициясы өзгөрбөй турганын айтып жатат.

Эмил Токтошев
Эмил Токтошев

“Бүтүн Кыргызстан” – оппозициялык партия. Биз Жогорку Кеңеште дагы оппозициялык ишмердүүлүгүбүздү уланта беребиз. Анткени бийликтин кемчилигин айтып турган партия болушу керек. Ошол орунду биз ээлейбиз деп ойлойм. Андай болбосо баары бир жактуу болуп калат да”.


Анткен менен жаңы кабыл алынган Конституцияда оппозициялык азчылык жана коалициялык көпчүлүк деген түшүнүк жок. Мурда парламентте оппозициянын болушун мыйзам кепилдеп, ага кирген фракцияга Жогорку Кеңештеги Бюджет жана финансы боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети берилип келген. Баш мыйзамдын авторлору ушундай жол менен парламентте жана аткаруу бийлигинин ишин көзөмөлгө алууда тең салмактуулук түзүүнү каалашкан.

“Альянс” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештен мандат ала турган Жанар Акаев мындай деди:

Жанар Акаев
Жанар Акаев

“Жаңы шайланган депутаттарда бир эле күч калды. Бул – Жогорку Кеңештин трибунасы. Көп жагынан алганда парламенттин укуктары чектелген. Мисалы, өкмөттүн отчетун кабыл албай койсок деле алар иштей берет. Бирок депутаттар коомдук пикир жаратса болот. Азыркы жетинчи чакырылышта алтынчы чакырылышка караганда оппозиция күчтүү болот деп ойлойм. Анткени Садыр Жапаровдун негизги саясий атаандаштарынын бири Адахан Мадумаров келди. Парламентте оппозиция болбойт дегенге негиз жок. Бийлик адилетсиз саясат жүргүзсө, анда аны айтып турганга күчүбүз жетет”.

Ушул жылдын 11-апрелинде референдум өтүп, ага катышкан шайлоочулардын 79% (1 048 660) Кыргызстанда президенттик башкаруу системасын кайра орното турган Конституциянын долбоорун колдогон. Буга каршы болгондор бир адамдын колуна эбегейсиз бийлик топтолгонун айтса, ошол эле учурда бийликке жоопкерчилик жүктөлдү дегендер да жок эмес.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев президенттик башкаруунун жолуна түшкөн өлкө үчүн оппозициянын ролу абдан чоң экенин айтып, себебин мындай деп түшүндүрдү:

Эмил Жороев
Эмил Жороев

“Бийликтин жана анын тарапташтарынын оюнда оппозиция баарына каршы чыккан саясий топ катары калыптанып калган. Албетте, мындай көрүнүштөр жок эмес. Кээ бир учурда оппозиция ушундай жолго барганга мажбур болгон. Бирок оппозиция жок болсо, анда бийлик өзүнүн чечимдерине сырттан баа бере албай калат. Бийлик, аны колдогондор дагы оппозициянын керек экенин түшүнүшү керек. Ошол эле учурда конструктивдүү оппозиция болушу керек. Сындан тышкары чечимдерди дагы сунушташы шарт”.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда болуп, 21 жылдан кийин аралаш система менен өттү жана биринчи жолу преференциалдык система колдонулду. Анын жыйынтыгын чыгарууда БШКнын серверинде мүчүлүштүк пайда болуп, шайлоонун жыйынтыгы боюнча талаш пикир жаралган. Оппозиция добуштардын бурмаланганын айтса, бийлик, Боршайком техникалык ката кеткенин айтып келет.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG