Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Ош: Алимбеков менен Атазовдун тиреши


Нурбек Алимбеков, Шайлообек Атазов.
Нурбек Алимбеков, Шайлообек Атазов.

Ош облусундагы Төлөйкөн округунан Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан талапкерлер Шайлообек Атазов менен Нурбек Алимбековдун тиреши шайлоо өнөктүгү башталгандан бери токтой элек.

Алимбековго салыштырмалуу аз добуш алып калган Атазов атаандашын добуш сатып алууга айыптап, аны Жогорку Кеңеште да көтөрүп чыккан.

9-декабрь күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумуна талапкер Шайлообек Атазов өзү катышып, Нурбек Алимбековду талапкерлердин тизмесинен четтетүүнү суранып, бирок сунушу четке кагылган.

Боршайком Атазовдун күч түзүмдөрүнө жазган арыздары каралып бүткүчө Төлөйкөн округундагы шайлоонун жыйынтыгын расмий чыгарбай турууну чечкен.

Анткен менен 11-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу сегиз шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өттү деп таап, жыйынтыгын расмий жарыялады. Ал тизмеде Нурбек Алимбеков дагы бар.

  • №7 Ош шайлоо округу — Айбек Осмонов депутат болуп шайланды;
  • №15 Базар-Коргон шайлоо округу — Айбек Алтынбеков;
  • №16 Ноокен шайлоо округу — Бактыбек Сыдыков;
  • №22 Жайыл шайлоо округу — Нурланбек Азыгалиев;
  • №23 Москва шайлоо округу — Ханджеза Карим;
  • №28 Октябрь шайлоо округу — Дастан Бекешев;
  • №33 Нарын шайлоо округу — Улан Бакасов;
  • №32 Төлөйкөн шайлоо округу — Нурбек Алимбеков.

Добуштар адегенде автоматтык эсептөөчү үкөктөрдө, андан кийин колго саналып, жыйынтыгы Боршайкомдун сайтына жарыяланды.

Жогорку Кеңештеги кайым айтыш

Шайлообек Атазов шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын 29-ноябрда эле айтып чыккан.

Анда журналисттерге маалымат жыйынын уюштуруп, атаандашы Нурбек Алимбековду жана анын тарапташтарын административдик ресурсту колдонууга, добуш сатып алууга айыптаган.

8-декабрда ал Жогорку Кеңештин трибунасынан президент Садыр Жапаровго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылган.

"Төлөйкөн шайлоо округунда шайлоо күнү Алимбековдун жээни акча менен кармалып атат. Далил видео турат. Милиция айыбын мойнуна коюп, сотко өткөрүп жатканда Ош шаардык прокурорунун орун басары Куттубек Токтосунов "жарым саат ичинде ишти кыскарткыла" деп буйрук берген. Урматтуу Курманкул Токторалиевич, сиз Ош шаардык прокурорунун кыймыл-аракетине, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатканына баа бербейсизби?", - деген Атазов.

Ал эми депутат Нурбек Алимбеков бул айыптоону четке кагып, Атазовдун өзү мыйзамсыз аракеттерге барганын айткан эле.

"Бир эле мисалды айтайын, Фуркат айылындагы биздин штаб жетекчиге шайлоого беш күн калганда чалып, оозго алгыс сөздөр менен урушуп, артынан эки спортчусун жиберген. Ал боюнча биз ыкчам чараларды көрүп, иш азыр прокуратурада турат. Атазов мени “коррупцияга малынган, 10 жыл бою коррупциялык документтерге кол койгон” деп айыптап жатат. Үгүт маалында Ош шаарында Шайлообек Атазовдун өзүнүн көрнөк-жарнагы жайнап кетти. Меникининен эки эс көп. Ага акча кайдан келип атат?", - деп суроо койгон Алимбеков.

Арачы түшкөн Осмонов

Эки талапкердин парламенттеги кайым айтышуусуна депутат Айбек Осмонов аралашып, кесиптештерин сабырдуулукка чакырган болчу.

"Биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз. Ким мыйзам бузса, жооп берет. Бул жерде бири-бириңди айыптаган уят. Мен сиздерди ынтымакка чакырам. Экөөңөр тең менин агам болосуңар. Бул жер мамлекеттин көйгөйлүү маселелери карала турган, чечиле турган жер", - деген Осмонов.

Шайлообек Атазовдун айтуусунда, Айбек Осмонов Алимбеков экөөнү чайга чакырып, элдештирүүгө аракет кылган. Анда талапкерлер бири-биринин абийирлерине эл көзүнчө шек келтирбөөгө сөз беришкен. Шайлообек Атазов мындан ары укугун сотто коргой турганын билдирди.

Ош облусу тогуз бир мандаттуу шайлоо округуна бөлүнгөн. Анын ичинен №8 Төлөйкөн шайлоо округунан беш талапкер ат салышкан. Бешөөнүн ичинен Атазов 16 миңден ашуун, Алимбеков 17 миңден ашуун добуш алган.

Боршайком жана жогорку кызматтагы айрым чиновниктер бул шайлоо мурдагыларга караганда таза өткөнүн билдирип келет.

Бирок саясат талдоочу Төлөгөн Келдибаев атаандашуу күч болгон шайлоо округдарында шайлоо таза өткөнүнө ишенүү кыйын экенин айтты.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

"Бай талапкерлер бир мандаттуу округдан аттанган жерлерде шайлоо таза өткөн жок. Көп эле жерде добуш сатып алуу, бурмалоо, миңдеген үгүтчүлөрдү алуу, мыйзамсыз банерлерди илүү, мыйзамсыз эмгек акыларды төлөө байкалды".

БШК добушту кайра санады

10-11-декабрь күндөрү Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстан боюнча 13 шайлоо округундагы айрым участкаларда шайлоонун жыйынтыгын кайра эсептеди.

Добуш Ноокаттагы №5412, № 5408 шайлоо участкаларында да кайра саналды. БШКнын жетекчисинин орун басары Тынчтык Шайназаровдун билдиришинче буга "Ынтымак" партиясынын арызы себеп болгон.

"Ынтымак" партиясынын тизмеси менен бараткан талапкер ушул эки участкада азыраак добуш алып калдым деген күмөн саноо менен кайрылган. Аны жокко чыгарып же тактап берүү максатында кайрадан санап атабыз".

Кайра саноого катышкан партиянын байкоочулары комментарий берүүдөн баш тартты. Добушту кайра саноонун жыйынтыгы качан чыгары белгисиз.

Боршайкомдун маалыматында жалпысынан сегиз партиядан 600 участок боюнча арыз-даттануулар түшкөн. Бирок алардын басымдуу бөлүгү кол санак бүткөндөн кийин арыздарын кайтарып алган.

БШК 9-декабрда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы да 200дөн ашуун шайлоо участогу боюнча добуштарды кайра саноо боюнча арыздарын кайра кайтарып алганын билдирди.

"Болору болду..."

"Ата Мекен" партиясы менен шайлоого катышкан Гүлгаакы Мамасалиева БШКнын добуштарды кайра чечими кеч кабыл алынганын сынга алды.

Ал күмөндүү шайлоо тилкелериндеги жыйынтык 5-декабрдан кеч калбай текшерилиши керек болчу деп эсептейт.

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

"Мурда мындай массалык оңдоолор, кайра-кайра көчүрүүлөр болчу эмес. Кайталап көчүргөндүктөн сайтка чыкпай жатты. 5-декабрдан кеч калбай кайра эсептегенде ишенсек болот эле. Эми 10-12 күн өткөндөн кийин мунун мааниси деле жок. Анткени оңдой турган нерселерин оңдоп, протоколдорду көчүрүп, өздөрүндөгү сандарды тууралап койду да".

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда аралаш система менен өтүп, преференциалдык система колдонулган. Ага ылайык шайлоочуларга эки бюллетень берилип, добуш берген киши бир мандаттуу округдан чыккан талапкерге өзүнчө, партия менен кошо анын курамындагы талапкерге өзүнчө добуш берген.

Ноокат районундагы Көк-Жар шайлоо участкасынан добуш берүүгө катышкан Гүлдар Исманова дал ушул партиялардын бюллетени күмөн саноого түрткү себеп болгонун айтты.

Гүлдар Исманова.
Гүлдар Исманова.

"21 партиянын, анын астына 54 талапкердин аты кошулуп берилди. Талапкерлердин аты- жөнү жазылбай, номер менен рамкага алынып калганы көптөрдү адаштырды. Карапайым эл бул системага даяр эмес экен".

28-ноябрдагы шайлоодо Жогорку Кеңештеги 90 орундун 54ү үчүн 21 партия ат салышкан. Баштапкы жыйынтык боюнча мандаттардын 15и "Ата-Журтка", 12си "Ишенимге", 9у "Ынтымакка", жетөө "Альянска", алтоо "Бүтүн Кыргызстанга", бешөө "Ыйман Нуруна" бериле турган болууда. Калган 36 мандат бир мандаттуу округдардан келген депутаттарга тиет.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыяланышы шарт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG