Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:43

БШК: "Бүтүн Кыргызстан" 200дөй участок боюнча арыздарын кайтарып алды


БШК имараты.
БШК имараты.

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы 200дөн ашуун шайлоо участогу боюнча добуштарды кайра саноо тууралуу арыздарын 9-декабрда кайра кайтарып алганын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, азыр бул партия менен алты тилкедеги добуштар такталууда.

Буга чейин, Боршайком билдиргендей, добуштардын автоматтык эсептөөчү урналардагы жана кол санактагы эсеби расмий сайтка толук жарыялангандан кийин кайра саноо тууралуу бардык арыздарын "Ишеним" жана "Ата Журт" партиялары кайтарып алышкан.

"Ынтымак", "Альянс" жана "Эл үмүтү" партиялары да көпчүлүк арыздарынан баш тартышты.

"Ата Мекен" жана Социал-демократтар партияларынын арыздарын кароо уланууда.

"Азаттык" партиясынын добуштарды кайра саноо талабы канааттандырылбаганы, себеби ага негиз жок экени маалымдалды.

Жалпысынан сегиз партиядан добуштар күмөн жараткан 600 участок боюнча арыз-даттануулар түшкөн.

28-ноябрдагы шайлоодо Жогорку Кеңештеги 90 орундун 54ү үчүн 21 партия ат салышкан. Баштапкы жыйынтык боюнча мандаттардын 15и "Ата-Журтка", 12си "Ишенимге", 9у "Ынтымакка", жетөө "Альянска", алтоо "Бүтүн Кыргызстанга", бешөө "Ыйман Нуруна" тиймей болууда. Калган 36 мандат бир мандаттуу округдардан өз алдынча шайланып келген депутаттарга тиет.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыяланышы шарт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG