Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

АКШ НАТОдогу өнөктөштөрү менен Украина маселесин талкуулады


АКШ менен Украинанын президенттери Жо Байден жана Владимир Зеленский. 2021-жылдын 1-сентябры.
АКШ менен Украинанын президенттери Жо Байден жана Владимир Зеленский. 2021-жылдын 1-сентябры.

АКШ президенти Жо Байден өлкөнүн НАТОдогу өнөктөштөрү менен Украинага байланыштуу сүйлөшүүлөрүн улантууда. 9-декабрда ал украин президенти Владимир Зеленский, андан кийин Болгария, Чехия, Эстония, Венгрия, Латвия, Литва, Польша, Румыния жана Словакия лидерлери менен телефон аркылуу орус бийлигинин Украина менен чектеш аймагына аскерлерин топтоп жатканына байланыштуу коопсуздук чараларын талкуулады.

Ал арада Орусия Украинага жана анын Батыштагы өнөктөштөрүнө карата каршылык риторикасын улантып, түзүлгөн абалды "кооптуу" деп мүнөздөөдө.

Эки күн мурда Байден орус президенти Владимир Путин менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, украин-орус чек арасындагы соңку абалды талкуулаган.

Батыш Орусия бийлиги Украинанын аймагына бастырып кириши ыктымал деген кооптонуусун айтса, орус тарап андай планы жок экенин билдирүүдө.

9-декабрда Байден украин президенти менен бул өлкөнүн чыгышындагы абал боюнча туңгуюкка кептелген сүйлөшүүлөрдү кайра улантуу, Украинанын коопсуздугун камсыз кылуу, каржылык жана саясий колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулады. (RK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG