Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Байден дүйнө лидерлерин демократияны коргоого үндөдү


АКШ президенти Жо Байден демократияны колдоого багытталган виртуалдык саммитте сүйлөп жатат. 9-декабрь, 2021-жыл.
АКШ президенти Жо Байден демократияны колдоого багытталган виртуалдык саммитте сүйлөп жатат. 9-декабрь, 2021-жыл.

АКШ президенти Жо Байден дүйнөдө демократиялык институттар алсызданып баратканына тынчсыздануусун билдирди.

9-декабрда 100дөй мамлекеттин лидерлери катышкан жыйындын ачылышында сүйлөп жатып, Байден автократтар өз бийлигин бекемдеп, таасирин дүйнөгө жайылтууну көздөп жатканын кошумчалады. АКШ президенти авторитаризмге, коррупция менен адам укуктарынын бузулушуна каршы турууга, демократиялык баалуулуктарды коргоо үчүн аракеттерди эселеп көбөйтүүгө чакырды.

Демократияны колдоого багытталган жана өзүнүн демилгеси менен уюштурулган виртуалдык саммитте Байден азыркы тенденциялар «тескери багытта баратканын», «демократия коргоочуларга муктаж» экенин айтты.

"Демократия кокустан пайда болбойт. Биз аны муун өткөн сайын жаңылап турушубуз зарыл",- деди Байден.

Ал АКШ өз демократиясына инвестиция салуу, дүйнөдөгү өнөктөштөрүн колдоо менен башкаларга үлгү көрсөтөрүн кошумчалады.

Байдендин администрациясы дүйнө жүзү боюнча демократияны жандандыруу, анын ичинде көз карандысыз медиа каражаттарын жана демократиялык реформаларды колдоо үчүн 424,4 миллион доллар бөлүү максатында Конгресс менен иштеп жатканын билдирди.

Жыйынга 110 мамлекеттин лидерлери чакырылган. Алардын арасында Орусия жана Кытай жок.

Өткөн аптада Орусиянын жана Кытайдын Вашингтондогу элчилери Анатолий Антонов менен Цинь Ган биргелешкен билдирүү жарыялап, саммитти сынга алышкан.

Жыйынга Борбор Азиядан бир да лидер чакырылган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG