Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:10

Кавалери: Европада коронавирустун төртүнчү толкуну жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европада коронавирустун "омикрон" деп аталган жаңы штаммынын жыйылуусу уланууда. Адистер анын оор кесепети вирустун “дельта” деген түрүнөн ашабы же жокпу, азырынча белгисиз экенин айтып жатышат.

Европанын дары каражаттары боюнча агенттигинин өкүлү Марко Кавалери 9-декабрда Амстердам шаарында өткөн маалымат жыйында Европада коронавирустун төртүнчү толкуну жүрүп жатканын айтты.

"Европада эпидемиологиялык абал “дельта” штаммына байланыштуу өтө кооптуу болуп жатканын биринчи кезекте эскертип айткым келет. Учурда аймактын саламаттык сактоо системасы мына ушул багытта иштеп жатат. Ооруну алдын алуу жана эмдөө абалды жеңилдетүүчү негизги жол бойдон калууда".

Коронавирус дүйнө жүзүндө 268 миллион адамга жукту, алардын 5,5 миллиону каза болду. Кыргызстанда бул илдетке 184 миң адам чалдыкты, алардын 2700дөн ашууну көз жумду. Өлкөдө вакцинанын бир нече түрүн бекер алууга шарт түзүлгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG