Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 18:38

Акбөкөн Таштанбеков тергөө аяктаганча камакка алынды


Акбөкөн Таштанбеков.

Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековду тергөө аяктаганча Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камоо тууралуу чечим кабыл калды.

Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Акбөкөн Таштанбековго карата Жазык кодексинин “Улут жана аймак аралык кастыкты козутуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгону 6-декабрда белгилүү болгон.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда интернеттеги социалдык тармактарда №30 Ысык-Ата шайлоо округунан талапкер Акбөкөн Таштанбеков катышкан видео жарыяланган жана ал коомчулукта терс пикир жараткан.

Таштанбековдун адвокаты Жылдыз Касаналиева видео үч жыл мурда тартылганын, ал мезгилде дагы социалдык тармактарга тарап, Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кылмыштын курамы аныкталган жок деген негизде ишти кыскартканын билдирди.

Адвокаттын айтымында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин укугу бузулуп жатат.

УКМК билдиргендей, 6-декабрда тергөө органдары Таштанбековду жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жөнөттү. Анын жыйынтыгы боюнча тергөө тиешелүү чечим чыгарып, саясатчынын аракеттерине юридикалык баа берилет.

"Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын" лидери Таштанбеков 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого №30 Ысык-Ата шайлоо округунан катышып, эң көп добуш алган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG