Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Жогорку Кеңештин жаңы курамы ант берди

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкек шаарынын бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 2022-жылдын 27-февралында кайра шайлоо өтөт.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентке мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG