Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына 33 депутат кирди 


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеште 33 депутаттан турган "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы түзүлдү. Бул тууралуу фракция лидери Бакыт Төрөбаев парламент жыйынында билдирди.

Жогорку Кеңешке шайланып келген депутаттар фракцияларга жана депутаттык топторго бириге алышат.

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 15 мандат алган. "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясындагы калган 18 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттар экени белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров парламенттин регламенти боюнча фракциялар партиянын тизмесиндеги гана депутаттар аркылуу кураларын белгилеп, шашылбоого чакырды.

VII чакырылышынын депутаттары ант бергенден кийин 1-сессия жабык деп жарыяланды. Жогорку Кеңештин отуруму бир саат танапистен кийин саат 15:00гө дайындалды. Анда депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасын шайлашы мүмкүн.

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG