Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:01

Чет өлкөлүктөргө каршы 191 кылмыш катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2021-жылдын 11 айында Кыргызстандын аймагында чет өлкөнүн жарандары тарабынан 243, чет өлкөлүктөргө каршы 191 кылмыш катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, чет өлкөлүктөр тарабынан жасалган 226 кылмыштын бети ачылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (93 факты) чет өлкөлүктөр тарабынан 150 кылмыш көп жасалган.

Чет өлкөнүн жарандары жасаган кылмыштардын ичинен алдамчылык, бейбаштык, уурулук, каржы пирамидаларын уюштуруу, тоноо, киши өлтүрүүлөр да бар. Чет элдиктерге каршы кылмыштар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16 фактыга көп. Анын ичинен 139 кылмыштын бети ачылган. Эң көп жасалган кылмыштар алдамчылык (51 факт), уурулук (21 факт), тоноочулук (13 факт).

Кылмыштардын жарымынан көбү (153) Бишкек шаарынын аймагында жасалган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG