Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Кыргызстан менен "Центерра Голд" "ажырашууга" бет алды


Президент Садыр Жапаров менен "Кумтөр Голд Компанинин" тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк алтын кенде, июнь, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров менен "Кумтөр Голд Компанинин" тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк алтын кенде, июнь, 2021-жыл.

2021-жылы кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кенин иш жүзүндө өз карамагына алды. Бул кадам "Центерра Голд" компаниясы менен тирешке жол ачты. Кыргызстандын өзүндө мурдагы президенттер баштаган ондогон аткаминерге коррупцияга байланыштуу айып тагылды. Эми Кумтөрдү кандай тагдыр күтөт?

2021-жылдын 23-24-декабрь күндөрү кыргыз өкмөтү менен Кумтөр алтын кенин узак жылдан бери иштетип келген канадалык "Центерра Голд" (Centerra Gold Inc) компаниясынын ортосунда "акыркы айлампа" деп мүнөздөлгөн виртуалдуу сүйлөшүүлөр өттү. Расмий жарыяланган сүрөттөрдө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен кендеги тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктүн ойлуу отурганы, “Центерра Голддун” президенти Скотт Перринин да суз маанайы сүйлөшүү кандай жүргөнүн аз да болсо туюнтуп тургансыйт.

"Центерранын" жетекчилери Кыргызстанда улам жаңы келген бийлик менен мындай сүйлөшүүлөрдүн жана тирештин бир далайын баштан өткөргөн. Кандай гана талаш-тартыш болбосун канадалык инвесторлор Кумтөр алтын кенин иштетүүнү улантып келген.

Бирок бул ирет Кыргызстан менен "Центерра Голд" биротоло "ажырашып" жаткандай. Алдыда буга жол ачкан жагдайларга жана Кумтөрдү күтүп турган өнүгүүлөр менен өзгөрүүлөргө сереп салабыз.

Сырткы башкарууга чабылган жол

Кезинде Кумтөрдү улутташтыруу демилгесин көтөрүп келген Садыр Жапаровдун октябрь окуяларында бийликке келишинен көп өтпөй "Центерра Голд" компаниясынын президенти Скотт Перри Кыргызстандагы ошол кездеги туруксуз саясий кырдаалга "этияттык менен көз салып турушканын" айткан эле.

"Биз болгону көздөн далдоо туруп жатабыз жана саясий маселелердин бир бөлүгү болгубуз келбейт", - деп билдирген Перри 2020-жылдын 4-ноябрында.

Бирок канадалык инвесторлор көпкө чейин "көздөн далдоо" тура алышкан жок. 2021-жыл жаңырып, Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөндөн кийин Кумтөрдүн тегерегиндеги окуялар тездик менен өнүгүп, май айында туу чокусуна жетти.

17-февралда Жогорку Кеңеште Кумтөр алтын кенинин ишмердигин иликтей турган депутаттык комиссия түзүлүп, кийинчерээк анын макамы мамлекеттик болуп өзгөрдү.

6-майда Жогорку Кеңеш "Центерра Голд" башкарып келген "Кумтөр Голд Компаниге" сырттан башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырды. Бир күндөн кийин Бишкектин Октябрь райондук соту Кумтөрдөгү Давыдов, Лысый мөңгүлөрүндөгү калдык топтоочу жайды мыйзамсыз деп таап, “Кумтөр Голд Компанини" 261 миллиард 719 миллион сомго айыпка жыкты.

Акылбек Жапаров баштаган мамлекеттик комиссия Кумтөр алтын кенинде, 2021-жылдын май айы.
Акылбек Жапаров баштаган мамлекеттик комиссия Кумтөр алтын кенинде, 2021-жылдын май айы.

12-майда мамлекеттик комиссия "Кумтөр Голд Компаниге" жалпысынан 4 миллиард 252 миллион доллардык (459 миллиард 558 миллион сом) доо коюп, анын бир бөлүгү экологиялык зыян, экинчиси төлөнбөй калган салык экенин жарыялады.

"[Экологиялык] зыян үчүн санкциянын көлөмү 3 миллиард 86 миллион доллар. 1 миллиард 166 миллион долларын "салык төлөгөн жоксуңар" деп жатабыз. Биздин мыйзамдар боюнча, эгер алар төлөй албаса, анда мүлктүн баары бизге өтөт", - деп белгилеген мамлекеттик комиссиянын жетекчиси, учурдагы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Комиссиянын бул тыянагынан эки күн өтпөй “Кумтөр Голд Компаниге” убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзамга президент кол коюп, ал күчүнө кирген. Аны улай ишкананын Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргөн. Кумтөрдөгү негизги чет өлкөлүк жетекчилер эбак эле өлкөдөн чыгып кеткени маалым болгон.

17-майда Жогорку Кеңеш "Кумтөр Голд Компаниге" убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү колдогон. Натыйжада кыргыз өкмөтү ишканага октябрь окуяларынан кийин Кыргызстандын атынан "Центерра Голддун" директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланган Тенгиз Бөлтүрүктү тышкы башкаруучу кылып дайындаган.

Ошентип, эки жумага жетпеген убакыттын ичинде Кумтөр алтын кени де-факто толугу менен кыргыз өкмөтүнүн карамагына өткөн. Дооматтарды четке каккан "Центерра Голд" кенди көзөмөлдөбөй калганын жарыялаган.

Кумтөрдүн айланасындагы чукул өнүгүүлөр Канада менен Британиянын өкмөттөрүнүн жана Европа өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык уюмдардын айыптоосуна кабылган. Өлкөдө инвестициялык климаттын абалына байланыштуу тынчсыздануулар айтылган. Кыска убакыттын ичинде "Центерра Голддун" Торонто биржасындагы акциялары 31 пайызга түшүп кеткен.

Кыргыз өкмөтү менен "Центерранын" тиреши

Натыйжада кенди узак жылдан бери иштетип келген "Центерра Голд" менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда ачык тиреш, кайым айтыш жана соттошуулар башталган.

16-майда канадалык компания кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражга кайрылганын жарыялаган жана Бишкекте коюлган экологиялык доолор мурдагы келишимдер менен чечилгенин эске салган.

Кыргыз тарап "Центерра Голдду" кендеги "мөңгүлөрдүн коопсуздугунун жана алардын жылып туруусунун абалын көзөмөлдөөчү системаны өчүрүп кетти" деп айыптаган. Бирок канадалык компания кыргыз өкмөтү кенге көзөмөлүн орнотконго чейин негизги системалар кынтыксыз иштеп келгенин, болгону “Кумтөр Голд” ишканасынын Кыргызстандагы бардык жергиликтүү кызматкерлеринин “Центерранын” глобалдык IT системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн чектегенин билдирген.

17-майда канадалык компания Кыргызстандын "Центерра Голддогу" акцияларын башкаруу укугун чектеп, "Кыргызалтынга" таандык 26% акцияларды башка тараптарга өткөрүп берүүгө же алмашууга тыюу салган.

Кумтөр алтын кени, 13-ноябрь 2021-жыл.
Кумтөр алтын кени, 13-ноябрь 2021-жыл.

Үч күн өтпөй "Центерра Голд" кыргыз өкмөтү “Кумтөр Голд Компаниге" тыштан башкаруучу кылып дайындаган Тенгиз Бөлтүрүктү Канаданын Онтарио шаарынын Жогорку сотуна берип, аны "Центерранын" директорлор кеңешинин мүчөсү катары компания алдында алган жоопкерчилигин бузду деп айыптаган. Бөлтүрүк канадалык компания "менин атымды, кыргыз бийлигин, мамлекеттик комиссияны дискредитация кылуу аракетин көрүп жатат" деп жооп кайтарган.

"Центерранын" адвокаттары негизги жүрүштөрүнүн бирин 31-майда жасап, “Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компанияларынын атынан Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

Кыргыз өкмөтү эл аралык соттордо Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо үчүн Arnold & Porter юридикалык фирмасын жалдаган. Бул эл аралык фирманын өнөктөшү, Кыргызстандын адвокаты Бенжамин Минц июнь айында “Азаттыкка” жолдогон комментарийинде "Центерра" "Кумтөр Голд" ишканасынын атынан сотко кайрылууга укугу жок экенин белгилеген.

"Кыргызстан мындан тышкары АКШ соту бул маселеде юрисдикцияга ээ эмес деп эсептейт. Анткени Кыргызстанда иш алып барган жана кыргыз мыйзамдарына баш ийген кыргыз компанияларына байланыштуу банкроттук процесстин Нью-Йоркто өтүшү өзү акылга сыйбайт", - деп билдирген адвокат Минц.

Андан бери Нью-Йорктогу сотто бирде "Центерранын", бирде кыргыз өкмөтүнүн кызыкчылыгындагы майда чечимдер кабыл алынып жатты. Кантсе да кыргыз өкмөтү ишти караган судья Лиза Г. Бекермандын 15-сентябрда “Центерра Голд” колдогон адвокаттардын Кыргызстанга күнүнө 1 миллион доллардык санкция салуу тууралуу өтүнүчүн четке какканын "чоң жеңиш" катары кабыл алды.

Кумтөр маселеси Нью-Йорктогу соттон тышкары Стокгольмдогу Эл аралык арбитражда да каралышы керек эле. Бирок арбитр өз каалоосу менен ишти кароодон баш тартканы ноябрь айында белгилүү болгон. Азырынча жаңы арбитр дайындалганы так белгисиз. Декабрь айынын ортосунда Кыргызстан да өз жүрүшүн кылып, канадалык компанияны “Кумтөр Голд" ишканасынын компьютерлерине кирүүгө бөгөт койгону үчүн сотко бергени белгилүү болду.

"Кумтөр иши": абакка түшүп чыккандар

Эл аралык сотто эки тараптын аргументтеринин таймашы жүрүп жатканда Кумтөрдөгү коррупциялык аракеттерге байланыштуу Кыргызстандын өзүндө мурдагы жана учурдагы аткаминерлер биринен сала бири кармалып, суракка алынып жатты.

Кыргызстан Кумтөрдү өзүнө алгандан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кен жаңы уюшулган учурда түзүлгөн келишимдерден тартып, соңку макулдашууларга чейин изилдөөгө киришкен.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

“Ал жерде көптөгөн мурдагы премьер-министрлер, спикерлер бар. Депутаттар, мамлекеттик чоң кызматта иштегендер бар. Керек болсо, мүмкүн, биз кээ бир мурда иштеп кеткен президенттерди да жоопко тартабыз. Себеби алардын түздөн-түз тиешеси бар”, - деп айткан эле 2-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

Айтор, "Кумтөр ишинин" алкагында Кыргызстандын мурдагы үч президентине - Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге түз же кыйыр түрдө кине тагылды. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков да сурак берди.

30га чукул мурдагы премьер-министрлердин дээрлик үчтөн бирине чукулу Кумтөргө байланыштуу ар кыл айыптарга кабылды. Алардын ичинен өлкөнүн ичинде жүргөн мурдагы төрт премьер-министр - Өмүрбек Бабанов, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев жана Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр боюнча тергөө абагына отуруп чыкты.

Алгачкы президент Аскар Акаев баштаган топко Кумтөргө байланыштуу 1992, 1994-жылдардагы жана 2003-жылкы келишимдер боюнча кине тагылса, 2009-жылкы келишим боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев алдында турган узун тизмедеги саясатчыларга сыртынан айып тагылып, издөө жарыяланды.

Акаевдин 2005-жылы Орусиядан баш калка тапкандан бери биринчи жолу август айында Кыргызстанга келип, сурак бериши, "Кумтөр ишиндеги" негизги учурлардын бири болуп калды. Ал 14-декабрда дагы бир жолу Бишкекке суракка келип, кайра Москвага кайтып баргандан кийин өзүнө карата Кыргызстандагы "куугунтук токтотулганын", "бардык иштер жабылганын" айтты. Бирок мындай маекти улай Улуттук коопсуздук комитети кылмыш иши токтотулбаганын, Акаевге 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен Башкы келишим түзүү жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча жаңы айыптар тагылганын билдирди.


Мурдагы бийлик башчыларынан тышкары Кумтөргө байланыштуу президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаевге, 2012-жылкы чечимдер боюнча ошол учурдагы спикер, азыркы депутат Асылбек Жээнбековго, депутат Төрөбай Зулпукаровго, 2017-жылдагы келишимдер боюнча экс-биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге айып тагылган эле.

Соңку бир нече айдын ичинде айыпталган аткаминерлердин көбү ар кандай шартта тергөө абагынан чыгарылды. 2021-жылдын аягына карай азыр Кумтөргө байланыштуу эки киши гана - Данияр Нарымбаев менен Тайырбек Сарпашев абакта отурат.

Эксперттик чөйрөдө "Кумтөр ишин" кыргыз өкмөтүнүн "Центерра" менен соттошууга даярданып жатканы менен түшүндүргөндөр болду.

"Аскар Акаевди чакырып, бул жактагы таасирдүү адамдарды суракка алып, айрымдарын камоонун максаты "ушундай чоң коррупция болду, аны мурдагы президент дагы айтып берди" деп сотко материалдарды топтоо аракети болуп жатат. Экинчи жагынан, албетте, саясий упай топтоого далалат. Ушунча жылдан бери "Кумтөрдү жеп-жуткандардын баарын кайра кустурабыз, калыбына келтиребиз" деген шайлоодогу убадалары бар эмес беле", - деп билдирген талдоочу Орозбек Молдалиев.

Кумтөргө байланыштуу 2012-жылкы иликтөөлөрдүн башында турган мурдагы башкы прокурор Аида Салянова алтын кенде күмөндүү иштер болгону талашсыз деп эсептейт. Ал болгону учурдагы айыптар эл аралык сотто далилдей алгыдай даражада, мыйзамдын чегинде коюлушу керек экенин айтты.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова.
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова.

“Кумтөрдүн тегерегинде чоң коррупция бар деп көп эле айтылып келген. Бирок эң биринчи жолу “Коррупция” деген 303-берене 2013-жылы коюлган. Жалпысынан мурдагы кыргыз бийликтеринин Кумтөрдүн тегерегиндеги иш-аракеттерин “жырткычтык саясат” болгон деп бааласак болот. Андыктан бүгүнкү жалпы тенденция туура деп ойлойм. Анткени кайсы гана келишимди албайлы, аны канадалык компания өзү жалгыз түзө алмак эмес. Негизги күнөө биздин аткаминерлерде. Бирок бүгүнкү күндө коюлуп жаткан айыптар сөзсүз түрдө мыйзамдуу болушу керек. Тергөө материалдарын көрбөгөндүктөн канчалык мыйзамдуу экенин айта албайм. Эгер бүгүн кимдир-бирөөгө айып коюлуп, мыйзамсыз аракеттер орун алып жаткан болсо, аны “диверсия” деп сыпаттаса болот. Анткени ошол далилдер кийин эл аралык соттордо да каралат. Ага дагы сөзсүз түрдө көңүл бурулат. Бүгүн айып тагуу боюнча мыйзамсыз иштер болсо, кийин эл аралык соттордо биздин өзүбүздү коргой албай калышыбызга толук шарт түзөт”, - деп билдирди "Азаттыкка" Аида Салянова.

Мунаса табуу аракети

Азырынча "Кумтөр иши" жана "Центерра Голд" менен соттошуулар качан, кандай аяктары так белгисиз. Кыргыз өкмөтү менен канадалык компания сентябрь жана декабрь айларында эки күндүк сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Алгачкы сүйлөшүү Швейцариянын Женева шаарында өткөн эле. Октябрь айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Центерранын" талабынын четин чыгарган болчу.

"Алар принципиалдуу түрдө Кыргызстандан кеттик деген чечимин айтты. Бирок "силер 26% акцияңарды бизге берсеңер" деген ойду дагы айтып жатышат. Биз андай болбойт, дообуз көп дедик", - деп билдирген Жапаров.

Декабрь айындагы сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу кыргыз бийлиги да, "Центерра Голд" да маалымат берүүдөн карманып турат. Ошентсе да эки тарап тең мунаса табууга кызыкдар өңдүү.

Маселен сүйлөшүүлөрдүн соңку айлампасын утурлай Reuters, Financial Times сыяктуу алдыңкы эл аралык басылмалар кыргыз өкмөтүнүн "талашты соттон тышкары чечүү" ниети тууралуу билдирүүлөрүн жарыялады. "Центерранын" жетекчилиги да маселени компенсация аркылуу жайгаруу жолун четке каккан жок.

Акылбек Жапаров, Скотт Перри, Тенгиз Бөлтүрүк.
Акылбек Жапаров, Скотт Перри, Тенгиз Бөлтүрүк.

"Centerra кыргыз өкмөтүнүн дооматтарынын консенсус жолу менен чечилишине ачык бойдон турат. Бирок ал кендин адилеттүү баасын жана кыргыз өкмөтүнүн аракеттери себеп болгон зыяндын чыгымдарын чагылдырышы керек", - деп айтылат "Центерра" жолдогон катта.

Президент Садыр Жапаров канадалык компания менен сүйлөшүүлөрдү 2021-жылдын аягына чейин бүтүрүүнү тапшырганы кабарланган эле.

20-декабрда Канададагы Canadian Dimension журналында "Кумтөр алтын кени үчүн күрөш соңуна чыгып бара жатабы?" деген макала жарыяланды. Анда автор, канадалык жазуучу Оуэн Шолк Кумтөргө байланыштуу бир катар жагдайларга токтолуп, президент Жапаровдун "Кумтөрдү улутташтырганын көп адамдар колдогонун", ошол эле учурда "анын өз бийлигин кеңейтүү үчүн элге жаккан саясатты гана жүзөгө ашырып жатканын айткандар бар экенин" жазган.

Шолк жакында "Азаттыкка" курган маегинде "Центерра" менен кыргыз өкмөтүнүн тиреши кандай аякташы мүмкүндүгү тууралуу ойлору менен бөлүштү.

Канадалык жазуучу Оуэн Шолк.
Канадалык жазуучу Оуэн Шолк.

"Centerra Кумтөрсүз деле иштеп кетерин, Түркия жана Канада сыяктуу башка жерлерде инвестициясы бар экенин айтып жатат. Балким андай деле болушу мүмкүн. Бирок алар үчүн "Кумтөрдөн" айрылуу өтө өкүнүчтүү жагдай. Себеби алар бул кенден миллиарддаган киреше таап турган. Кыргызстандын көз карашынан алганда окуялар кандай өнүгөрү да кызыктуу. Эгер кыргыз өкмөтү кенди көзөмөлгө алса, аларда алтынды сатууга байланыштуу маселелер жаралышы мүмкүн", - деди Canadian Dimension журналына макалаларын жарыялап жүргөн Оуэн Шолк.

Ал Кумтөргө байланыштуу Кыргызстандагы окуялардан Канада коомчулугу дээрлик кабарсыз экенин, расмий Оттава адатта чет өлкөдө иштеген канадалык компанияларга коюлган экологиялык дооматтарды көз жаздымда калтырарын кошумчалады.

Кумтөр алтынды кимге сатат?

Алтын демекчи, 17-сентябрда Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) "Кыргызалтындын" алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын токтотуп, Кыргызстанды өндүргөн алтынын батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгүнөн убактылуу ажыраткан. Уюм буга "Кыргызалтынга" "ыктымал алдамчылык" сыяктуу дооматтар коюлуп жатканын себеп катары көрсөткөн. Мындай жагдай Кыргызстандын ичинде Кумтөрдүн алтынынын келечеги жана аны сатуу жолдору тууралуу ар кыл талкууларга жол ачкан.

Жогорку Кеңеште Кумтөрдөн казылып жаткан алтын кайда сатылып же сакталып жатканы, төлөнгөн салыктын көлөмү тууралуу да маселелер көтөрүлгөн.

"Өзүбүз иштетип жатабыз, канча алтын өндүрдүк, канча салык түштү, алтынды каякка, канчадан саттык? Сатпасак кайда сактап жатабыз?" – деп суроо салган 13-декабрда депутат Осмон Турдумамбетов.

19-декабрда Жалал-Абадда жергиликтүү эл менен жолугушууда президент Садыр Жапаров Кыргызстан "Кумтөрдүн" үзүрүн келерки жылдан тартып көрөт деп ишендирген. Ал "Кумтөр” 100% Кыргызстандын колунда экенин, кол коюу процедуралары гана калганын билдирген.

Ишканада жылына 1 миллиард долларлык алтын казыларын айткан Жапаров ал акчанын жарымы компаниянын өз чыгымдарына жумшаларын, калганы таза киреше экенин кошумчалаган жана май айынан берки 200 миллион долларга жакын таза киреше азыр “Кумтөрдүн” эсебинде турганын белгилеген:

“Кумтөрдүн” акчасынын үзүрүн, Кудай буюрса, Жаңы жылдан кийин көрөбүз. 300 миллион доллар менен январь айына киребиз. 30 жылдын тарыхында мындай болбоптур. Ошону бөлүштүрүп беребиз. Завод-фабрика салганга, дыйкандарга насыяга, жолдорго… Январь-февралда бөлүштүрүп берсек, марттан тартып иштер башталат. Облустарга, райондорго беребиз. 1-апрелден баштап эмгек акыны көбөйтөбүз. Пенсия-жөлөкпулга да дагы кошобуз. Мугалим, медик, милиция, аскер кызматкерлеринин айлыгын жогорулатабыз", - деп айткан Жапаров.

Ал Министрлер кабинетинин 25-декабрындагы жыйынында да Кумтөр маселесине токтолуп, Кыргызстан алтынды сата аларын дагы бир жолу белгиледи.

"Кумтөрдөгү ишибизди алсыратуу максатында түрдүү бут тосуулар болду. LBMA Кумтөрдө өндүрүлгөн алтынды сатып алуудан баш тартты. Мен ошондо да айткам, алтындын кардары көп. Сатып жатабыз, сата беребиз", - деди Жапаров.

Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков Кыргызстан Кумтөрдү өз алдынча иштетип кетеринен күмөн санабайт. Ал өндүрүлгөн алтынды сатса болоорун, бирок кеп анын баасында экенин айтты.

"Биз резервибизди көбөйтүү үчүн алтындын бир бөлүгүн өзүбүзгө сактасак болот. Ал эми экинчи бөлүгүн коңшу өлкөлөр, ошол эле Индия же Түркия сыяктуу башка сатып алуучулар бар. Аларга сата берсек болот. Бирок Лондондогу биржадагы сертификаттан айрылып калгандан кийин кандай сапат менен сатабыз? Ошого жараша баасы канча болуп калат? Сертификатыбыз жок болсо, жеңилдик менен сатышыбыз керек болуп калабы? Сүйлөшүү жолу менен сатканда баасы кандай болуп калат? Маселе ушул жерде болуп калат", - деди эксперт.

Камчыбеков Кумтөрдө ачык же жабык жол менен алтын өндүрүү жолдоруна жараша болочокто өндүрүлгөн алтындын көлөмү өзгөрүшү мүмкүндүгүн кошумчалады.

Ноябрь айында "Центерра" Кумтөр кени Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу мурда бекитилген пландан 24% кыскарып кеткенин билдирип чыккан. Кыргыз өкмөтү жана "Кумтөр Голд Компани" бул маалыматты дароо төгүндөгөн.

Ишкананын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк Кыргызстан алтынды чет жакка сата электигин билдирген. Жакында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөрдө жылдын соңуна чейин 14,5 тонна алтын өндүрүлө турганын айтты.

Кумтөрдүн таржымалы

Кумтөр алтын кени Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 10% ашыгын камсыз кылат. 1997-жылдан бери бул кенде 400 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүлгөн.

Адеп “Кумтөр” алтын кен долбоорунун 67% Кыргызстанга, 33% канадалык “Камекого” караган. 2003-2004-жылдары бул долбоор “Центерранын” курамына бириктирилип, Кыргызстандын андагы үлүшү 33% түшкөн. Аны улай мурдагы президент Аскар Акаевдин тушундагы өкмөт 17% акциясын да сатып жибергени, Кыргызстандын “Центеррада” 15% үлүшү калганы белгилүү болгон.

2009-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин өкмөтү “Центерра” менен концессиялык келишимге кол коюп, анда “Центеррадагы” кыргыз өкмөтүнүн үлүшү 33% түзгөн.

2016-жылы кыргыз өкмөтү менен орток пикир табылбай жаткан маалда, “Центерра” компаниясы Түндүк Америкадагы жаңы кенди сатып алуу үчүн кошумча эмиссияларды чыгарган. Бул кыргыз тараптын үлүшүнүн 26,5% түшүп кетишине жол ачкан.

Бир нече жыл мурда Кумтөрдөгү алтын 2026-жылга барып түгөнөөрү кабарланган. Бирок “Центерра Голддун” жетекчилиги жаңы чалгындоо аянттарынын эсебинен кендин өмүрү дээрлик 2031-жылга чейин узарып жатканын билдирген.

Мамлекеттик комиссия билдиргендей, Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми кенди иштетип жаткан канадалык "Центерра" компаниясы 11,5 миллиард доллар пайда тапкан.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG