Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Бөлтүрүк: "Центерра" мени дискредитациялоого аракет кылууда


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

“Кумтөр Голд” компаниясынын тыштан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк “Центерра голддун” аны Онтариодогу сотко бергенин дискредитация кылуу аракети катары баалады. Бул тууралуу ал "Азаттык" радиосуна билдирди.

“Менин талапкерлигим “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешине сунушталган учурда президенттин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болчумун. Бул тууралуу октябрда эле жарыялагам. Декабрда мени директорлор кеңешине киргизгенде аларга мен кыргыз бийлиги менен иштей турганым, президенттин кеңешчиси экеним маалым болгон. "Кызыкчылыктар кагылышын" көрүшкөн эмес. Мамлекеттик комиссия иштеген учурда мен байкоочу катары мыйзамдын негизинде кызматташтым. Кызматтык көрсөтмөдөн жана укугумдан аша чапкан жокмун. “Центерра голд” менин атымды, кыргыз бийлигин, мамлекеттик комиссияны дискредитация кылуу аракетин көрүп жатат", - деди Тенгиз Бөлтүрүк.

Кумтөр алтын кенин иштеткен “Центерра голд” компаниясы Кыргызстан бийлиги “Кумтөр Голд” компаниясына тыштан башкаруучу кылып дайындаган Тенгиз Бөлтүрүктү Онтарионун Жогорку сотуна бергени маалым болгон. Алар Тенгиз Бөлтүрүктү директорлор кеңешинин мүчөсү катары компаниянын алдында алган жоопкерчилигин бузду деп жатат.

Тенгиз Бөлтүрүк өткөн жылдын декабрь айында “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешине мүчө болуп Кыргызстандын атынан дайындалган. Ал 17-майдагы Жогорку Кеңештин чукул жыйынында директорлор кеңешинин курамынан чыгуу тууралуу арыз жазганын билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Тенгиз Бөлтүрүктү “Кумтөр Голдго” үч айга убактылуу тыштан башкаруучу кылып дайындады. 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Мындан тышкары 1 млрд. 166 млн доллар төлөнбөй калган деген салык төлөшү керек.

16-майда “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.

8-майда “Центерра Голд” билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор “таптакыр негизсиз” экенин, ал эми парламентте кабыл убактылуу тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, “Кумтөр Голд” мыйзамдарды эч убакта бузбаганын кабарлаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG