Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

Муфтияттын алдында нааразылык акциясы өтүп жатат


Муфтияттын астындагы нааразычылык акциясы
Муфтияттын астындагы нааразычылык акциясы

Мусулмандар дин башкармалыгындагы коррупцияга нааразы болгон жарандар муфтияттын алдына боз үй тигишти.

Алар муфтияттагы коррупцияны жоюу жана аалымдар кеңешинин азыркы курамын алдыдагы шайлоого катыштырбоо талабын коюшууда.

Бүгүн 21-майда муфтийликке талапкерлерден сынак алынмак. Ушул айдын аягында Кыргызстанда мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи, аалымдар кеңешинин жаңы чакырылышы шайланганы турат.

Муфтий болуу ниетин сегиз адам билдирип, алты талапкердин документтери туура келди. Алар: Нурбек Токтогулов, Султанали Гапуров, Шүкүр Исмаилов, Нематилла Жээнбеков, Ниязали Арипов жана Убайдулла Сарыбаев.

Муфтийликке талапкерлигин койгон Шакир Маматов менен Сайдамир Жейналиевди Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы билими муфтияттын талаптарына жооп бербейт деп шайлоодон четтеткен.

21 адамдан турган Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешин учурда Абибилла Кадырбердиев жетектейт. Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү курултайда үч жылга шайланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG