Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:57

COVID-19: Айрым эмдөө пункттарынын иш убактысы узартылды


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жана Ошто коронавируска каршы эмдөө пункттарынын айрымдарынын иш убактысы узартылды. 21-майда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, Бишкекте төрт бейтапканада эмдөө эртең мененки 8де башталып, саат 23кө чейин уланат, калгандары саат 17ге чейин иштейт.

Буга чейин эмдөө бөлмөлөрү саат 9да ачылып, 16га чейин иштеп жаткан.

20-майдан тартып Бишкектеги Студенттик поликлиникада да коронавируска каршы эмдөө бөлмөсү ачылып, ал саат 15тен 23кө чейин иштеп жатат.

Бишкекте коронавирустун вакцинасын иш күндөрү 23 пункттан, Ошто 12 пункттан алса болот.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнүн биринчи фазасынын алкагында 64 миңден ашуун адам эмделгенин 18-майда “Азаттык” радиосуна Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирген.

Анын айтымында, орусиялык "Спутник V" вакцинасы толугу менен сайылып бүтүп, экинчи дозасы гана калды. 24-25-майга чейин 75 миң кишиге эсептелген Кытайдын Sinopharm вакцинасы да бүтөт.Андан соң июнь айында Asrta Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы COVAX программасынын алкагында келет. Ошондой эле Кытай жана Орусиядан да вакцина алуу макулдашылууда.

Кыргызстанда коронавирус катталган 2020-жылдын март айынан бери 1700дөн ашуун киши илдеттин курмандыгы болду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG