Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Өкмөт: "Манас" аэропортунда ПЧР анализ жүргүзүүчү лаборатория ачылууда


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Түштүк Кореянын BS Group компаниясы Бишкекте коронавирусту аныктоочу ПЧР-лаборатория ачууда. Бул тууралуу 21-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолугушууда компаниянын жетекчиси Пак Хё Рин билдирди.

Анын айтымында, ABDSIO Lab деп аталган бул лабораторияда бир күндө 14 миң адам ПЧР тест тапшыра алат, жыйынтыгы бир саат ичинде даяр болуп турат.

Марипов менен кореялык ишкердин жолугушуусунда гидроэнергетика, медицина, фармацевтикалык өндүрүш, магнит карталарын жана төлөө жабдыктарын жасоо жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Кыргызстанда коронавирустан 1,7 миңден ашуун адам каза болду, оору жуккандардын расмий саны 100 миңден ашты. Илдетти аныктоо үчүн бейтаптар жеке жана мамлекеттик лабораторияларга кайрыла алышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG