Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Милиция: Таласка кыз уурдап бараткандар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн милициясы кыз уурдоого аракет кылган адамдарга бөгөт коюлганын билдирди. Мекеменин 21-майдагы маалыматына караганда, Бишкекте эки бала 19 жаштагы кызды уурдап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Чүй облусу боюнча Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма көз кызматынын ага тескөөчүсү Темирлан Мирсадык уулунун айтымында, окуя Октябрь районунда 20-майда болгон:

"Атайын операция жарыяланып, шектүү автомашина «Сосновка» өткөрмө бекетинен кармалган. 23 жана 26 жаштагы эки жигит кызды Таласка ала качып баратышканы аныкталган. Үчөө тең андан аркы териштирүү үчүн Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди".

Быйыл февраль айында да Чүйдө кыз уурдоо фактысы аныкталып, Токмок шаарынан ала качып баратышкан 17 жаштагы кызды милиционерлер жакындарына өткөрүп беришкен.

Апрелдин башында Бишкекте Айзада Канатбекова аттуу кызды үч адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү талаадан табылган.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай Турдаалы кызы милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн.

Кыргызстандын Жазык кодексинин "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" деген 175-беренесине ылайык, 5-10 жыл жаза чарасы каралган, бирок жазага тартылгандар дээрлик жокко эсе.

Human Rights Watch уюму жакында Европа кеңешинин мүчөлөрүн аялдарга зомбулукка каршы жигердүү аракеттерди көрүүгө чакырды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG