Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Зеленский орус президенти менен жолугушуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Орусия жана Украинанын президенттеринин жолугушуусун уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 20-майдагы пресс-конференцияда маалымдады.

Зеленский апрелде дагы жолугушуу жөнүндө билдирип, ал куралдуу жаңжал уланып жаткан Донбасста өтүшү мүмкүн экенин айткан. Путин аны Москвага чакырган. Кремлдин пресс-катчысы Дмитрий Песков Киев менен Москва эки лидердин жолугушуусу жөнүндө сүйлөшүү жүрүп жатканын четке каккан эмес.

Зеленский маалымат жыйынында Путин менен жолугушуп, бетме-бет сүйлөшүүсүз Донбасстагы согушту токтотуу мүмкүн эмес экенин айтты. Украин президенти Путинди жүргүзүп жаткан саясатына мүнөздөмө бергенден баш тартты.

“Мен эгерде ар кандай сөздөр менен эскалацияны күчөтүп жиберсем, өзүмдү кечирбейм. Мен үчүн приоритет согушту токтотуу, ким жөнүндө эмне деп ойлойм кийин сүйлөшөбүз”, - деди президент.

Зеленский Украинанын эл аралык өнөктөштөрүнүн колдоосунан үмүт кыларын бирок, Германия жана Франция “акыркы учурда Орусияга карата позициясын бошотуп” жатканын айтты.

Москва 2014-жылы кошуна өлкөнүн Крым жарым аралын күч менен аннексиялап алып, орустар колдогон жикчил күчтөр чыгыштагы ири аймакты өз көзмөлүнө алган. Акыркы айларда Орусия Украина менен чек арасына аскерлерди тарта баштаганда тараптардын мамилеси ого бетер курчуп кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG