Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Мадумаров: Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкер болууну карап көрөм (видео)


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров парламент төрагалыгына талапкер болуу тууралуу пикирин айтты. "Азаттыктын" «төрагалыкка талапкерлигиңизди коёсузбу?» деген суроосуна минтип жооп берди:

"Аны карап көрөбүз. Төрага деген мансап болбош керек. Төрага деген Жогорку Кеңештин кадыр-баркын, даражасын өлкө ичинде гана эмес, чет мамлекеттерде дагы жеткиликтүү деңгээлде көрсөтө алчу инсандын болушу жалпы өлкө үчүн пайда алып келет".

Мадумаровдун айтымында, парламентке келген депутаттар эл алдында берген убадасына турса бийлик сүрөгөн талапкерди шайлабайт.

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтөт. Ушул эле күнү төрага шайланары күтүлүүдө. "Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын айтымында, төрагалыкка Талант Мамытов жалгыз талапкер.

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалды.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG