Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Айжигитов: парламентте төрт вице-спикер болот


Жогорку Кеңештин депутаты.
Жогорку Кеңештин депутаты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын түзүмүн түзүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси, депутат Султанбай Айжигитов парламентте төрт вице-спикер болорун билдирди. Айжигитов парламенттин 30-декабрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин мурдагыдай 9 эмес, 7 комитет түзүлөрүн айтты.

Бүгүн, 30-декабрда парламенттин курамы менен түзүмүн иштелип чыгып, жалпы палатанын талкуусуна чыгарылат.

Парламенттин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берип, алгачкы жыйынын өткөрдү. Жыйында “Ынтымак” партиясынын тизмеси менен келген депутат Талант Мамытов 63 добуш менен Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Төрагалыкка сунушталган "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Адахан Мадумаровдун талапкерлигин 10 депутат колдогон, 14 эл өкүлү экөөнө тең каршы добуш берди.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG