Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 21:42

Коронавирустан дагы бир бейтап кайтыш болду


Бишкектеги коронавирустан дарылоочу оорукана. Иллюстрация.

30-декабрга карата Кыргызстанда коронавируска 41 адам чалдыкканы тастыкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында (24 адам) аныкталган. Нарын, Баткен облусунда вирус жуктургандар катталган жок. Акыркы суткада илдеттен бир адам каза тапты. Былтыр марттан бери оорудан жалпы 2800 адам көз жумду.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө жалпы 184 633 адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Азыркы учурда өлкө боюнча 255 адам медициналык жардамды ооруканадан, 315 киши үйүнөн алууда.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. Соңку маалыматта бир суткада 6507 киши эмдөөдөн өткөнү кабарланды. Жалпы 1 млн. 226 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын бир миллиондон ашууну эки дозаны тең сайдырышты. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG