Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:49

Орусия менен Беларус биргелешкен аскердик машыгуу планын жарыялады


Александр Лукашенко менен Владимир Путин.
Александр Лукашенко менен Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Беларустун лидери Александр Лукашенконун биргелешкен аскердик машыгуулардын кезектеги айлампасын өткөрүү сунушун кубаттады. Алар 29-декабрда Санкт-Петербург шаарында жолугушуп, машыгуулар 2022-жылдын февраль, март айларында өтөрүн билдирди.

Машыгуу тууралуу сунуш Орусия Укринанын чек арасына аскерлерин топтоп, басып кирүүгө даярданууда деген кооптонуу күчөгөн кырдаалда айтылды. Украинанын айрым расмийлери Орусия Беларустун аймагы аркылуу түндүк тарабынан чабуул коюшу мүмкүн деген кооптонуусун билдирүүдө.

Орусия Украинага кол салуу ниетин четке кагып, анын ордуна Киев менен НАТОну чагымчылдык үчүн айыптоодо.

Орусия Беларус менен үзгүлтүксүз аскердик машыгууларды өткөрүп турат, акыркы масштабдуу машыгуу сентябрда 200 миңдей аскер күчтөрүнүн катышуусунда өттү.

Москва 17-декабрда коопсуздук кепилдиктерине тиешелүү эки долбоорду сунуштап, НАТОнун Чыгышка карай кеңейүүдөн баш тартуусун талап кылган.

Батыш орус бийлиги чек арага аскерлерин топтоп, украин аймагына кайрадан басып кирүүгө даярданууда деп шектенүүдө. Мындан улам ортодогу мамиле чыңалып кеткен.

Москва айыптоолорду четке кагып, Киев "Батыштын көмөгү менен аскердик кубатын арттырууда", "НАТО орус чек арасына жакын жерде машыгуу өткөрүүдө" деп сындап жатат.

Батыш Лукашенкону Беларуска мигранттарды алып келип, Польша менен чек араны кесип өтүүгө үндөп, “аларды курал катары колдонду” деп айыптады.
Беларус дагы айыптоолорду четке кагып, Евробиримдикти мигранттарды кабыл алуудан баш тартканы үчүн сынга алууда.

Беларуста былтыркы шайлоону 26 жылдан бери бийликте келаткан автократ жетекчи Александр Лукашенко жеңгенин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирген. Добуш берүүнүн бурмаланганына каршы чыккан элдин нааразылык акциялары күч менен басылып, куугунтуктоо азыркыга чейин уланып келет.

Батыш шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес жана беларус бийлигине каршы санкция салган. Оппозиция лидерлеринин айрымдары кармалса, башкалары чет өлкөлөрдө баш калкалап жүрүшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG