Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:16

Ысык-Көлдөгү өрт кырсыгынан үч бала каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Совхоз айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, үч бир тууган балдар каза болду. Бул маалыматты “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Балдар алты, беш жана үч жашта болгон. Үйдүн ээлерин, балдардын ата-энесин кошуналар куткарып калган. Өрт 22:20дан өтүп өчүрүлдү.

Түшкү саат 15:00 чамасында башталган өрт кечки саат 22:00дөн өтүп өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, өрт үй ээлеринин кызуу абалда тамекини этиятсыз колдонгонунан келип чыккан.

Соңку учурда Кыргызстандын аймагында өрт кырсыгы көп катталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жыл башынан бери 2900дөн ашык өрт кырсыгы катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 17% көп. Кырсыктан 40тай киши каза болду. Анын ичинен онго жакыны жаш балдар. Адистердин айтымында, кырсыкка көп учурда электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык себеп болот.

Жакында эле Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, төрт адам каза тапты. Алардын экөө жаш балдар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG