Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды  


Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

"Ынтымак" фракциясынан депутат Талант Мамытов 29-декабрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин 87 депутаттын 63ү колдоду.

Бул кызматка "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан сунушталган Адахан Мадумаровдун талапкерлигин 10 депутат колдоп, 14ү экөөнө тең каршы добуш берди.

Добуш берүү бюллетень салуу аркылуу өттү. Анын жыйынтыгын эсептөө комиссиясынын төрагасы, депутат Таалайбек Масабиров жарыялады.

VII чакырылыштын депутаттары бүгүн, 29-декабрда ант берип, алгачкы жыйынын өткөрдү. Добуш берүүдөн мурда алар парламенттин ишин илгерилетүү, аброюн көтөрүү жана айрым мыйзамдар боюнча ойлорун айтышты.

Талант Мамытов - президент Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Ал 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин 6-чакырылышка төрага болуп шайланган.

28-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгында парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары.

Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG