Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Бишкек абанын булгануусу боюнча экинчи сапка чыкты


Бишкекти каптаган түтүн. Январь, 2021-жыл.
Бишкекти каптаган түтүн. Январь, 2021-жыл.

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде 29-декабрда Бишкек экинчи сапка чыкты.

Азыр шаардын борборунда индекс (AQI) 240тан ашты. Бул - баш калаада аба өтө булганган жана ден соолукка өтө кооптуу дегенди түшүндүрөт. Бишкек муну менен Индиянын Колката шаарынан кийинки орунду ээледи. Ар кайсы райондордо индекс ар кандай, 181ден 254кө чейин. Шаардын четиндеги Сокулук, Новопавловка тарапта азыр көрсөткүч 346 деп турат.

Ноябрда Кыргызстандын борбору бул индексте баарынан озуп, биринчи орунга чыккан. Ал кезде көрсөткүч (AQI) 300гө жакындаган. Негизи, аба таза болгондо атайын изилдөөчү жабдыктар 50дөн ылдый көрсөткүчтү көрсөтөт.

Мурдагы жылдары кышында, январь-февраль айларында башкалаада жана анын четинде индекс 800дөн ашып кеткен учурлар болгон.

Шаарда акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселе бойдон калууда.

Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, түтүн каптайт.

Экологдор буга чейин абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин айтып чыгышкан. Шаардын асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөттөр Интернетте да тынымсыз жарыяланып келет.

Бийлик ыш, түтүн маселесин чечүү үчүн өткөн айда атайын комиссия түзгөн. Ал кандай иштерди аткарганы азырынча маалымдала элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG