Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Парламентте 13 депутат "Элдик" деп аталган топ түздү


Мирлан Самыйкожо.
Мирлан Самыйкожо.

Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдардан шайланып келген 13 депутат "Элдик" топ түзүштү. Бул тууралуу аталган топтун төрагасынын орун басары депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

"Бизге эл добушун партия үчүн эмес, өзүбүз үчүн берген. Биз бул жерге келип кайсы бир партияга ыктап, желегин көтөрбөш үчүн депутаттардын "Элдик" тобун түздүк. Азыр 13 депутат кирди, дагы кошулам дегендер кирсе болот".

Жогорку Кеңешке шайланып келген депутаттар фракцияларга жана депутаттык топторго бириге алышат.

Буга чейин Жогорку Кеңеште 33 депутаттан турган "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы түзүлгөнү белгилүү болгон. Ага фракциянын өзүнүн депутаттарынан тышкары бир мандаттуу округдардан шайланып келген 18 депутат кирген. Андан сырткары "Ишеним", "Ынтымак", "Альянс" фракциялары түзүлгөнү Жогорку Кеңештин жыйынында айтылган.

"Элдик" депутаттык тобунун төрагасынын орун басары Мирлан Самыйкожо "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына кирген бир мандаттуу округдардан шайланган айрым депутаттар дагы "Элдик" депутаттык тобуна кошулуу ниетин билдирип жатканын айтты. "Элдик" топтун башчысы - Акылбек Түмөнбаев.

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG