Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:14

Өзбекстандык Нодирбек Абдусатторов тез шахмат боюнча дүйнө чемпиону болду


Нодирбек Абдусатторов
Нодирбек Абдусатторов

Өзбекстандык Нодирбек Абдусатторов Варшавада өткөн тез шахмат боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Шахмат федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. 17 жаштагы улан Магнус Карлес, Ян Непомнящий өңдүү белгилүү гроссмейстерлерден озуп чыкты. Чечүүчү тай-брейкте өзбекстандык шахматчы орусиялык Непомнящийди жеңди.

Өзбек президентинин маалымат катчысы Шерзод Асадов Шавкат Мирзиёев жана Санкт-Петербургдан кайтып келаткан делегация учакта Нодирбектин таймашына түз эфирде көз салганын билдирди.

“Мамлекет башчы тез шахмат боюнча дүйнөнүн эң жаш чемпионун чын жүрөктөн куттуктайт жана ата-энесине, машыктыруучуларына ыраазычылыгын айтат”, - деп басма сөз катчы "Телеграмм" каналына жазды.

XS
SM
MD
LG