Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:15

“Азаттыктын” беларус кызматынын журналисти Грудзиловичке айып тагылды


Олег Грудзилович
Олег Грудзилович

“Азаттыктын” беларус кызматынын ("Радыё Свабода") журналисти Олег Грудзиловичке "коомдук тартипти одоно бузган аракеттерди уюштуруу жана даярдоо" беренеси менен айып тагылды.

Ал Тышкы иштер министрлигинин аккредитациясынан айрылгандан кийин уруксат берилбеген митингге катышкан деп күнөөлөнүп жатат. Журналист айыптарды четке кагып, окуя болгон жерден репортаж жүргүзгөнүн айтты. Айыптуу деп табылса, Грудзилович төрт жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. 23-декабрда беткап тагынган коопсуздук кызматкерлери кабарчынын Минскидеги үйүнүн эшигин сындырып кармап кетишкен. Өткөн жумада Беларустун Ички иштер министрлиги "Радыё Свабоданын" интернет ресурстарын «экстремисттик» деп тааныган. Ага чейин радионун социалдык тармактардагы материалдары "экстремисттик" деп аталган.

Былтыр августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айткан оппозиция, митингдерди чагылдырган журналисттер Александр Лукашенконун режиминин куугунтугуна туш болуп келатат. Ал шайлоонун жыйынтыгын Батыш да тааныган эмес, санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG