Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Талибдер менчик телеканалдын жетекчисин бошотту


Кабул. Иллюстарциялык сүрөт
Кабул. Иллюстарциялык сүрөт

Талибдер Nourin TV деген менчик телекомпаниянын жетекчисин кое беришти. Бул тууралуу Ооганстандын Журналисттер борбору 28-декабрда билдирди. Ареф Нурини өткөн жекшембиде Кабулдагы үйүнөн себебин түшүндүрбөй кармап кетишкен. Журналисттер борбору муну сөз эркиндигине кысым катары баалап, айыптаган.

Нуринин уулу Роман "Азаттыктын" ооган редакциясына маалымдагандай, “Талибандын” (Кыргызстанда тыюу салынган) коопсуздук күчтөрү атасынын үйүн ордери жок эле тинтишкен. Ооганстандын Эркин журналисттер ассоциациясы талибдердин өкмөтүнө шилтеме менен Нури кесиптик ишмердигине байланыштуу кармалбаганын билдирди.

Nourin TV коопсуздук маселелерин чагылдырган материалдары менен таанылган жана оппозициядагы Jamiat-e-Islami партиясына жан тартат.

“Талибан” кыймылы быйыл августта Кабулдагы бийикти басып алгандан бери Ооганстандагы адам укуктары, сөз эркиндигинин абалы камтама жаратууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG