Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Султанбаев: президент 6-чакырылыштын депутаттары менен жолугушпайт


Эрбол Султанбаев.
Эрбол Султанбаев.

Президент Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүткөн 6-чакырылышынын депутаттары менен жолугушуу өткөрүү планында жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Буга чейин жергиликтүү айрым маалымат каражаттары өз булактарына таянып, Жапаров 6-чакырылыштын депутаттарын сый тамакка чакырганын жазган.

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттары ант берди.

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалды.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG