Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Баткенде мектеп директорун өлтүрүүгө шек саналган киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен районундагы Бөжөй айылынын мектеп директорун өлтүрүүгө шек саналып 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

25-декабрда Айдаркен шаарындагы ооруканага бычакталган 43 жаштагы жаран жеткирилген. Ал алган жараатынан улам көз жумган.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, шектүү Баткен облустук милициясынын тергөө абагына камалган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG