Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Кытай Space X спутниктерин космос станциясына "коркунуч жаратты" деп айыптады


Starlink спутниги
Starlink спутниги

Кытай Илон Масктын Space X компаниясынын спутниктери Жер орбитасындагы космос станциясынын к"оопсуздугуна коркунуч жаратты" деп айтып чыкты.

БУУнун Баш катчысына жөнөтүлгөн нотада Бээжин июль жана октябрь айларында Кытайдын космос станциясы Starlink спутнигин сүзүп албаш үчүн буйтап өтүүгө арагасыз болгонун билдирди. Кытайдын айтымында, ал жандоочтор станциянын жанында туш келди учуп жүргөн.

Бээжин 1967-жылы кол коюлган эл аралык келишимге ылайык, өлкөлөр мамлекеттик жана менчик компаниялардын космостогу аракеттери үчүн жооп берерин эске салды.

Ушу тушта орбитада 1 миң 800 Starlink спутниги иш алып барат. Алар 20 чакты өлкөнү ылдам интернет менен камсыздайт.

SpaceX Кытайдын дооматына комментарий берген жок.

XS
SM
MD
LG