Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Жогорку Кеңештин төрагалыгына Мамытов менен Мадумаров сунушталды


Талант Мамытов менен Адахан Мадумаров. Коллаж.
Талант Мамытов менен Адахан Мадумаров. Коллаж.

Жогорку Кеңештин төрагалыгына "Ынтымак" фракциясынан депутат Талант Мамытов менен "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан Адахан Мадумаровдун талапкерлиги сунушталды.

Эки талапкер тең Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары.

Парламенттин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Жаңы парламенттин отурумун шайланып келген депутаттардын эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып, алып барууда.

Жогорку Кеңештин 29-декабрдагы жыйыны

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары.

Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG