Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Ноокатта өрт кырсыгынан төрт адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, төрт адам каза тапты. Алардын экөө жаш балдар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, өрт таңга маал тутанган. Учурда өрттү өчүрүү иштери уланууда. Каза болгондор арасында эки жана 12 жаштагы балдар бар. Өрт эмнеден тутанганы азырынча белгисиз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жыл башынан бери 2900дөн ашык өрт кырсыгы катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 17% көп. Кырсыктан 37 киши каза болду. Анын ичинен онго жакыны жаш балдар. Адистердин айтымында, кырсыкка көп учурда электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык себеп болот.

Өрттүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча эл аралык техникалык комитеттин (CTIF) маалыматына ылайык, Кыргызстанда абал өтө деле жакшы эмес. Соңку төрт жылдагы изилдөөгө караганда, өрт кырсыгынан каза болгондор боюнча 55 өлкөнүн ичинен 13-орунда турат. (BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG