Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

БШКнын квота боюнча арызы Жогорку сотто 28-декабрда каралат


Жогорку сот.
Жогорку сот.

Жогорку сот 30% гендердик квотага байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) арыз келип түшкөнүн "Азаттыкка" ырастады. Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, арызды кароо 28-декабрга белгиленди.

Боршайком 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрткөн. Ага чейин маселе эки жолу талкууланып, колдоо тапкан эмес. БШК кабыл алган жобого ылайык, "Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат болмок.

Депутат Жанар Акаев Боршайкомдун чечимин "акылга сыйгыс" көрүнүш катары баалаган эле. "Альянс" партиясы 17-декабрда БШКнын чечимине каршы Бишкек шаарынын административдик сотуна арызданды. Административдик сот 21-декабрда "Альянс" партиясынын арызын карап, гендердик квота боюнча БШК токтомун мыйзамсыз деп тапкан.

Соттук териштирүүлөргө байланыштуу БШК шайлоодо утуп келген талапкерлерди каттоону жана депутаттык мандат тапшырууну убактылуу токтоткон.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. "Альянс" партиясы жети мандат алган. 36 шайлоо округунан депутат боло турган 33 талапкердин аты-жөнү белгилүү. Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов шайлоо округунан баарына каршы добуштар көп болгондуктан, кайра шайлоо өтөт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG