Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Ливиянын жээгинде 27 мигранттын сөөгү табылды


Жер ортолук деңизинин Ливияга туштан бөлүгүндө жардам күткөн мигранттар, 12-февраль 2021-жыл.
Жер ортолук деңизинин Ливияга туштан бөлүгүндө жардам күткөн мигранттар, 12-февраль 2021-жыл.

Кызыл жарым ай уюму Ливиянын батышында Жер ортолук деңизи аркылуу Европага жетүүнү көздөгөн 27 мигранттын сөөгү табылганын билдирди. Уюмдун жергиликтүү кеңсеси 26-декабрда тараткан маалыматына ылайык, толкун жээкке чыгарып койгон сөөктөр ишембинин кечинде Хомс шаарынын тушундагы эки башка тилкеден табылган. Үч мигрант аман-эсен куткарылган.

Уюм жарыялаган сүрөттөрдөн мигранттардын сөөктөрү деңиз жээгинде тизилип турганын, атайын кызматкерлер аларды баштыкка салып жатканын көрүүгө болот. Алар Ливиянын жээгинде жакында чөгүп кеткен кеменин жүргүнчүлөрү болгону кабарланууда.

Узак жылдардан бери куралдуу жаңжал уланып жаткан Ливия Европадан жакшы жашоо издеген мигранттардын негизги чордону катары саналып келет. Адатта мигранттарды ташуу менен шугулдангандар мыкты жабдылбаган кайыктарды, көп учурда үйлөмө кайыктарды колдонушат.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, быйыл дал ушул багыт менен Европага жетем деген 1500 мигрант деңизге чөгүп кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG