Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Нобел сыйлыгынын лауреаты Десмонд Туту дүйнөдөн кайтты


Десмонд Туту.
Десмонд Туту.

1984-жылы Нобел сыйлыгын алган, Англикан чиркөөсүнүн архиепискобу Десмонд Туту 91 жашында Кейптаундагы ооруканада дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Түштүк Африка республикасынын (ТАР) президенти Сирил Рамафосанын расмий сайтында жазылды.

"Архиепископ Тутунун дүйнөдөн кайтканы - эркин Түштүк Африканы мурас калтырган дагы бир улуу мекендешибиз менен кош айтышканыбыз", - деп айтылат анда.

Туту – 1940-1994-жылга чейинки аралыкта ТАРды башкарган "актардын" режимине каршы күрөшкөн. Апартеид кулаган соң, Туту расалык сегрегация учурундагы саясий кылмыштарды иликтөөчү комиссияны жетектеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG