Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 11:44

Коронавирустан дагы үч бейтап кайтыш болду 


Бишкектеги коронавирустан дарылоочу оорукана. Иллюстрация.

26-декабрга карата Кыргызстанда коронавируска 38 адам чалдыкканы тастыкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкекте -23, Ош шаарында -1, Чүй облусунда -2, Ысык-Көл облусунда -2, Ош облусунда -2, Жалал-Абад облусунда -2, Баткен облусунда -1.

Таласта вирус жуктургандар катталган жок.

Былтыр марттан бери Кыргызстанда жалпы 184 477 адам коронавирус жуктурган.

Акыркы суткада илдеттен 3 адам каза тапты. Коронавируска каршы ыкчам штаб каза болгондор эмделбегенин маалымдады. Ушуну менен оорудан жалпы 2795 адам көз жумду.

Кыргызстанда коронавирус алгачкы жолу 2020-жылы 18-мартта аныкталган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG